ЖЭБ окуясынан сабак алышпады: ДЕПУТАТТАР ДАГЫ БИР КЕЛИШИМДИ МЫЙЗАМ БУЗУУ МЕНЕН КАБЫЛ АЛЫШТЫ

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

Парламентте Кыргыз бюджетин колдоо үчүн Дүйнөлүк банктан 24 миллион доллар алуу боюнча келишим ратификацияланды. Акчанын 12 миллиону кредит, 12 миллиону гранттык негизде алынат. Каржы министри Адылбек Касымалиев документти дароо 3 окууда кабыл алуу керектигин айтып шаштырды. “7-декабрга чейин келишим бекитилбесе акчаны ала албай калабыз” дейт министр. Депутат Курманкул Зулушев кредит алууга тийиштүү мыйзамды дароо 3 окуудан кабыл алууга мыйзам жол бербесин, бул мыйзамга Эсептөө палатасынын корутундусу жок экенин, ансыз келишимди бекитүүгө болбой турганын эскертти. Министр алынып жаткан 24 миллион долларга конкреттүү эмне иштер жасаларын айтып бере алган жок. Бюджетти колдоого алынып жатат дегени менен, документте 24 миллион доллар коррупцияга каршы күрөшүү иштерине жумшалат деп жазылып турганы да күмөн жаратып, бул акча да уурдалып кеткени турат деген сөздөр айтылды. Депутат Сайдулла Нышанов министрге “күнөөлүү баладай болбой, башты бийик көтөрүп ишенимдүү айтпайсызбы. Сиз муну менен депутаттарда күмөн саноону күчөтүп жатасыз" деди эле, Зулушев “өкмөт калпты чындай айтып жатканда башты бийик көтөрүп айт дегенибиз кандай?” деп кесиптештерин билип туруп мыйзам бузууга барбоого чакырды. Зулушевден башка депутаттар да мындай келишимди дароо 3 окуудан кабыл алууга Жогорку Кеңештин регламенти жол бербей турганын айтышты.

Ошончо эскертүү жана талкуудан соң адаттагыдай “бул жолу өткөрүп коё берели, кийинкисинде жол бербейбиз” деп депутаттар келишимди 86 добуш менен дароо 3 окууда колдоп берди. Эске салсак, 2013-жылы Бишкек
ЖЭБин жаңылоо боюнча келишим да Жогорку Кеңеште ушундай шашылыш кабыл алынган. Ал кездеги премьер Жантөрө Сатыбалдиев келишим дароо 3 окууда бекитилбесе, кредит алынбай каларын айткан. Шашылыш бекитилген келишимдин аягы эмне болгонун ЖЭБди жаңылоодо сатып алынды делген 600 долларлык кычкачтын мисалынан эле көрүүгө болот. Мыйзамдуулуктун үлгүсүн көрсөтүүгө тийиш болгон парламент 24 миллион долларлык келишимди да шашылыш, акча эмнеге жумшаларын ийне-жибине чейин тактабай туруп кабыл алып беришти. Жогорку Кеңештин жоопкерчилиги учурда УКМКнын абагында отурган мурунку өкмөт башчы, министрлерден кем эмес.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо