ПЛАГИАТ ЖЫТТАНГАН ТАСМАЛАР

№839 30-ноябрь-6-декабрь, 2018-жыл

Акыркы кезде эмнеге эле комедия жанрындагы тасмалар ат тезегин кургатпай чыгып жатат десе, кеп плагиаттыкта экен. Учурда айрым кыргыз тасмалары беделдүү эл аралык киносыйлыктарды багынтып келатса, айрымдары идея уурдоо менен алек. Эмесе, биз байкаган тасмалардын көчүрмөлөрүн сунуштайбыз.

ЭКИ ТАСМАНЫ КОШУП ТАРТЫЛГАН “СЮРПРИЗ”

2017-жылы кино сүйүүчүлөргө Адилет Акматовдун “Сюрприз” кинокомедиясы тартууланган. Тасмадагы баш каармандар Гапар менен Жапардын окуялары мага эле тааныштай сезилбесе керек. Эгер плёнканы артка түрдүрүп, 2010-жылга кайтсак, ушул окуяны элестеткен режиссёр Тодд Филиппстин “Белгиленген мөөнөт” (“Впритык”) тасмасы көз алдыбызга тартылат. Комедияда жубайы мына көз жарам деп турган Питер уулунун жарыкка келишине Лос-Анжелеске жетишип барышы керек. Питерди тагдыр аэропорттон Итан Трембле аттуу мырзага жолуктурат да, кызыктын баары ошондо башталат. Мындай окуя “Сюрприз” тасмасында да бар. Болгону анда жеке ишкер Гапар мырза маанилүү иштерди бүтүрүү үчүн Оштон Караколго учмак. Ар кандай себептер менен эки тасмада тең каармандар учпай калат. Канчалык аракет кылса да Питер менен Гапарга Итан менен Жапар жолун кесип өткөн кара мышыктай тоскоолдук жаратып, кыйынчылыктар туула берет. Көп кыйынчылык, ысык-суукту басып отуруп, тасма, албетте, хэппи-энд менен аяктайт. Мындай окшоштук жашоодо эмес, тасмада гана болушу мүмкүн.

САБИНАНЫН ТАГДЫРЫН КАЙТАЛАГАН ШАРАПАТ

2016-жылы чыккан режиссёр Ырыс Жоомартованын “Шаардык келин Шарапат” кинокомедиясын көргөнсүздөр да? Тасманын башкы каарманы Шарлотта бай жигитке турмушка чыгууну кыялданып, Италияда жашайм деген жигит менен социалдык тармак аркылуу таанышат. Жолугушууну сунуштаган жигит ошол боюнча кызды айылга алып качып келет. Бул кыргызча вариант. Эми тасманын оригиналына, тагыраагы, казакча версиясына токтололу. Казак режиссёру Нуртас Адамбаев 2014-жылы “Келинка Сабина” кинокомедиясын тарткан. Интернет өнүккөн заманда аны көрбөгөндөр да аз болсо керек. Кызыгы, Шарапаттын тагдыры да, казак кызы Сабинанын тагдыры да окшош. Бардар турмушта өскөн Сабина араб шейхине турмушка чыгып Дубайда жашасам деп кыялданат. Бирок аны шейх эмес эле, айылда жашаган чабан ала качат. Сабина да, Шарлотта да айылдагы тагдырына ыйлашат, жумуш жасай албай кыйналат, качканга аракет кылышат. Экөөнүн табити ушунчалык окшошпу, жадакалса айылдагы ажаан келин менен да достошушат. Ким кимдин идеясын уурдады деген суроо жаралышы мүмкүн. Жыл боюнча караганда казак кинокомедиясы эрте чыккан.

ФРАНЦУЗДАРДАН ИДЕЯ, КЫРГЫЗДАРДАН «БАЖАРИКИ»

Былтыр Амантур Ормуков режиссёрлук кылган “Бажарики” кинокомедиясы элдин сынына коюлду. Тасмада Кыргызстандын 5 аймагынан күйөө балалуу болгон Дамир кичинекей кызын Чүй жергесине эле турмушка чыкса дейт. Бир караганда бул көп ата-эненин эле маселесиндей көрүнөт. Бирок аталган тасмадагы 5 бажа, стол айланасындагы бажалардын бири-бирин сындашкан учурлары, үйдүн кичүү кызынын тандоосу 2014-жылы чыккан франциялык “Жиндиче үлпөт той” ("Безумная свадьба") кинокомедиясын эске салат. Франциялык тасмада бир үй-бүлөнүн ар кайсы улуттагы күйөө балдары тууралуу баяндалат. 3 кызын еврей, араб, кытай улутундагы жигиттерге турмушка узаткан Клод мырза көкүрөк күчүгүн бизче айтканда "өзүбүздүн чөйрөдөн" эле тапса деп ойлойт. Бирок тагдырдын тамашасы менен ал кызы кара терилүү мырзага турмушка чыкмай болот. Эки тасманын айырмачылыгы – "Жиндиче үлпөт той" тасмасында 4, "Бажарикиде” 6 бажа тууралуу айтылат. Албетте, тасмаларда окшош учурлар кездешет дешиңиз мүмкүн. Бирок окшош сюжеттер болбойт да, туурабы?..

ОУШЕНГЕ ҮНДӨШКӨН “ОШТУКТУН 11 ДОСУ”

2001-жылы жарык көргөн режиссёр Стивен Содербергдин “Оушендин 11 досу” ("Одиннадцать друзей Оушена") аттуу тасмасы эсиңиздеби? Анда Дэниел Оушен абактан чыгары менен казиного уурулукка кирүү планын иштеп чыгат. Муну, албетте, жалгыз кыла алмак эмес. Ошондуктан мыкты электрик, айдоочу, техник, казинонун ишенимдүү кызматкери сыяктуу керектүү адамдарды чогултуп, оюн ишке ашырат. Бул сюжет сизге абдан тааныштай сезилген жокпу? Эгер ошондой арсар оюңуз жаралса, адашкан жоксуз демекмин. 2014-жылы тартылган Максат Тасмаевдин “Оштуктун 11 досу” тасмасын эстеңиз. Анткени аталган тасма Голливуд фильминин аталышынан тарта көчүрүлгөн. Болгону Оушен өзү абактан чыкса, кыргызча версиясында анын досу абактан чыгат. Андан кийин сюжеттик линия эч үзүлбөй, түптүз боюнча Оушендин окуяларын кайталайт. Бирөөсү казинону уурдаса, экинчиси сүрөт галереясынан кымбат баалуу экспонатка көз салат. Уурулук топто баш каармандын мурунку сүйлөшкөн кызынан тарта окшош каармандар чогулган.

Режиссёр тасманын аталышын өзгөртпөгөнү плагиаттыкты жашырбаганым дегени болсо керек. Анткен менен ага деле оңой эмес каражат, актёрлордун аракети, даярдыгы жумшалат эмеспи. Ошончо чоң команда тасмада иштеген соң көчүрмө эмес, башка эле тасма тартса болбойт беле деген ой келет.

 

Аталган тасмалар, албетте, плагиаттардын чети гана. Бул толук тизме эмес. Мындан сырткары "Бир тууганчик" комедиясынын сюжети "Өгөй ага-инилер" ("Сводные братья") тасмасын эске салса, "Курут" тасмасы "Караңгы аймактар" ("Области тьмы") кинокомедиясына окшош.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(15)
04.12.2018. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Апал Упол деген ужасный плагиат кино бар,коруп алып уяласын
04.12.2018. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nanei,Апал Үпөл кайсы киного окшош
06.12.2018. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,индийский Зита И Гита дан алынган сценарийлери
04.12.2018. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Nanei,ошону менда байкадым орустардын киносун коргон элем уй сааган жерлери бири шаарда бири айылда калган жерлери так эле ошол кинодон элес берет
09.12.2018. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nanei,эстедим ал кино орустардын Маруся деген киносунун кочурмосу
04.12.2018. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Плагиат кино толтура го. Сен эмне кылмаксын деген турктордун бир киносунун копиясы,
04.12.2018. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Шаардык келин Шарапат казактардын Келинка Сабинасынын кочурмосу создоруда кыскасы баары. Бирок такыр окшошкон жок уят эле
04.12.2018. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
апал упол индиянын зита гитасына окшош
04.12.2018. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул макаланы форумдагы бир эже жазгандай эле сезилди да магачы, силерде андай болбой элеби?))
04.12.2018. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле ошончо акча кетирип неге плагиат тартышат деймда. ..
04.12.2018. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Ырчылыардан режиссерлор деле калышпайт экен да. Бирок Бакыт Осмонкановдун "Ата" деген киносунда плагиат барбы, же жокпу билбейм, олло жакты.
04.12.2018. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Көк бөрү деле Американын Тренер деген киносуна окшош
04.12.2018. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Шаардык келин Шарапатты көрүп эле каментарий жазгам Казакстанда тартылган Келинка Сабинаго деп....Уят эле
06.12.2018. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Пентхаус дагы бир мульфильимден алынган Саматтын ордун маймыл аткарат экен ал жерде
08.12.2018. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ырыс жоомартова жалан плагиат тартат экен да анда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо