ӨЛКӨДӨ БЕНЗИН ТАРТЫШТЫГЫ ЖАРАЛАБЫ?

№840

Өлкөнүн Нефтетрейдерлер ассоциациясы президент Сооронбай Жээнбековго кайрылуу жасады. Кайрылууда Казакстандан Талас аркылуу ири көлөмдө контрабандалык бензин кирип жатканы айтылат. “Мунун айынан биз Орусиядан бензин ташууну азайтып, резервде күйүүчү майдын аз эле көлөмүн кармап турабыз. Бензин контрабандасын токтотуу үчүн Кыргыз өкмөтү күйүүчү майды Казакстандан ташуу боюнча келишим түзүүнү тездетиши керек. Бул боюнча Кыргыз-Казак өкмөттөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн бир нече айдан бери майнап чыкпай жатат”,- деп билдирет уюм. Мунай ташуучулар эгер Кыргыз өлкөсү күйүүчү майды Казакстандан ташый баштаса, анда өлкөгө контрабандалык жол менен бензин ташуу тыйылат, баалар арзандайт, Кыргыз айдоочулары сапаттуу бензин колдоно баштайт дешет. Ассоциация Орусия сыртка күйүүчү май экспорттоону чектөөгө ниеттенип жатканын эскертип: “Эгер Орусия бардык багыттар боюнча күйүүчү май жөнөтүүнү чектесе, Кыргыз өлкөсү Казакстан менен келишим түзүүгө жетишпесе, анда өлкөдө бензин коллапсы жаралышы мүмкүн”,- деп билдирди. Орусиядан күйүүчү май ташуу боюнча жаңы келишимге кол коюла элек.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо