КАДЫРЖАН БАТЫРОВ КАЗА БОЛДУ

№840

2010-жылдагы каргашалуу Июнь окуяларына айыпталып сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган Кадыржан Батыров каза болду. “Азаттыктын” Өзбек кызматынын маалыматына таянсак, экс-депутат 4-декабрга караган түнү Украинанын Одесса аймагында көз жумду. Анын өлүмүнүн себеби тууралуу маалымат айтылган жок. Кадыржан Батыров 2010-жылы өлкөдөн чыгып кеткен. Мындан 2 жыл мурун Европа коопсуздук кызматташтык уюмунун жыйынында 5 жылдан бери Швецияда жашап жатканын айткан эле. Айта кетсек, Кадыржан Батыров 2010-жылкы Июнь окуяларын уюштурган деп айыпталып, 2014-жылы Ош шаардык соту тарабынан сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылган. 8 жылдан бери чет жерде баш калкалап келген. Маркумдун сөөгүн Кыргыз жерине алып келип, аны Жалал-Абадга атасынын жанына коюуга жергиликтүү бийлик уруксат бербегенин Батыровдун жакындары билдиришти.

Бейкүнөө миңдеген адамдын өлүмүнө себепкер болгон Июнь окуясы боюнча Кадыржан Батыров көп маалыматты билери анык болчу. Андыктан анын өлүмү кадимки табигый жагдайда болдубу же кайсы бир өлкөнүн атайын кызматтары “жардам” бериштиби, бир күнү Даниил Урицкийдин окуясы сыяктуу Кадыржан Батыровдун өңүндө башка жаран пайда болбойбу деген суроолор жаралды.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо