«ДАНИЯЛЫК КЫЗ». АЙЫМГА АЙЛАНГАН АЛГАЧКЫ ЭРКЕК ТУУРАЛУУ ТАСМА

№840 7-13-декабрь, 2018-жыл

Жанры – Биографиялык драма

Режиссёру – Том Хупер

Продюсери – Тим Беван, Эрик Феллнер, Энн Харрисон, Том Хупер, Гейл Матракс

Сценарийин жазган – Люсинда Коксон

Башкы ролдордо – Эдди Редмэйн (Эйнар Вегенер жана Лили Эльбе), Алисия Викандер (Герда Вегенер)

Композитору – Александр Деспла

Тасманын узактыгы – 2 саат

Бюджети – 15 миллион доллар

Өлкөсү – АКШ жана Улуу Британия

Чыккан жылы – 2015-жыл

АЙЫМГА АЙЛАНГАН АЛГАЧКЫ ЭРКЕК ТУУРАЛУУ ТАСМА

Герда жана Эйнар Вегенер бири-бирин абдан сүйгөн үй-бүлө. Алар Даниянын борбору Копенгаген шаарында, өтө бай жашашпаса да, бактылуу күн кечиришет. Экөө тең сүрөтчүлүк менен алектенчү. Герданын иши жүрүшпөй бир топ кыйналат.

Күндөрдүн биринде аялдын сүрөтүн тартуу үчүн Герда күйөөсү Эйнарды модель катары туруп берүүсүн өтүнөт. Таң калычтуусу, ошондон тарта Герданын ити чөп жеп баштайт, тарткан сүрөттөрү популярдуу болуп, күйөөсүн сүрөткө тартууну улантат. Ал учурда ийгилигине кубанып жүргөн Герда кийин бул үчүн өкүнүп, көзүнөн дайра-дайра жаш агарын билсе кана. Убакыт өткөн сайын Эйнар үчүн аялдын образынан чыгуу кыйынга тура баштайт. Ал анын ичинде жашыруун бирөө жашап жатканын мурун эле билсе да, эркек катары жашоого аракет кылчу.

Ошондой күндөрдүн биринде Эйнар жубайы менен кечеге чакырылат. Бул ирет ал өзгөчөлөнүп жубайы менен аялдардын көйнөгүн кийип барат. Кызыгы аны эч ким тааныбайт. Эркектердин баары анын баскан-турганына, назик кылык-жоруктарына суктанышып, бейтааныш кызга кызыгуу артышат. Ал бул кечеде өзүн Эйнардын жээни Лили деп тааныштырат. Дал ушул күнү ал Хенрик аттуу мырза менен таанышып (Эйнар менен Хенрик мурда эле тааныш болчу), өбүшүп жаткан учурда Герда көрүп калат. Ал мындай окуя экинчи кайталанбасын деп гана тим болот. Хенрик башында эле Лилинин ким экенин билген. Эйнар токтотуунун ордуна жубайынын көзүнө чөп салып, Хенрик менен жашыруун көрүшө баштайт. Жыйынтыгы жубайлардын ажырашуусуна алып келет, бирок дос боюнча калышат.

Эми Эйнар эмне кылат? Ал бул кырдаалдан чыгуунун бир гана жолун – жынысын алмаштыруу керектигин түшүнөт. Бирок буга мурунку жубайы, жакын сырдашы Герда каршы болот. Анткени дарыгер жынысын алмаштыргандан кийин анын тирүү калуусуна кепилдик бере албайбыз деп айтат. Анын үстүнө буга чейин жыныс алмаштыруу боюнча дүйнө жүзү боюнча дарыгерлер бир дагы жолу операция жасашкан эмес. Бирок айтканынан кайтпаган Эйнар максатына жетип, жынысын алмаштырып, Эйнар Вегенерден Лили Эльбеге айланат. Өкүнүчтүүсү – максатына жеткени менен, ал көп узабай көз жумат.

ТАСМАНЫН СЮЖЕТИ БОЛГОН ОКУЯДАН АЛЫНГАН

Таң калбаңыз, бирок “Даниялык кыз” тасмасы болгон окуянын негизинде тартылган. Чындыгында эле Эйнар биринчи жолу жынысын алмаштырган адам эле. Анын толук аты-жөнү Эйнар Магнус Андреас Вегенер. 1882-жылы төрөлгөн. Жубайы Герда Мария Фредерика Готлиб менен 1904-жылы баш кошушкан.

1930-жылы Вегенер жынысын алмаштыргандан соң жубайы менен мыйзамдуу түрдө ажырашкан. Операциядан кийин атын Лили Ильзе Эльвенес кылып өзгөрткөн. Акыркы жолку операциясында балалуу болуу максатында жатын салдыруу үчүн 5-жолу бычак алдына жатат. Тилекке каршы, ал максатына жетпей, 1931-жылы каза болуп калат. Анын көз жумганын Герда Мароккодо жүргөндө угуп, “Лили, байкушум” деп кейиген. Мароккодо ал Фернандо Порта аттуу офицер менен бир нече жыл жашап, ажырашып кетет. Себеби Фернандо Герданын топтогон байлыгын бүт тартып алат. Ошол бойдон турмушка чыккан эмес. Данияга кайтып келип, ичкиликке берилип, 1940-жылы каза тапкан.

Жазуучу Дэвид Эберсхоффтун бул 2 сүрөтчүнүн сүйүүсү, турмушу тууралуу жазылган “Даниялык кыз” романы бестселлерге айланып, көптөгөн тилдерге которулган. Тасмага жалпы жонунан 15 миллион доллар сарпталып, 64 191 523 доллар киреше чогулган.

Эдди Редмэйн, Алисия Викандер тасмадагы ролдору үчүн "Оскар" жана "Алтын глобус" сыйлыгын алышкан.

Жаңыл Ниязбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(8)
11.12.2018. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акырын реклама кыла беришет экенда европа кино тартымыш болуп. Биздикилер дагы чыкпаса болду
11.12.2018. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Таасирдүү фильм... Актёрлор мыкты аткарышкан...
11.12.2018. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Сезимдерди чагылдырган экен да. Кыргыздар мындай жанрда тартканы менталитетке туура келбейт кыргыз элине. Бирок ушул кинону көрүп койгонго эмнеге болбосун? Акылынар тунук эле адамдарсынар го, же супер инфо жазып чыкты эле деп барып ошентип аласынарбы силер да?
11.12.2018. 18:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Сын пикирди көтөрө билгиле, өчүрүп салбай!
13.12.2018. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кийин кыйын болот экенда
13.12.2018. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таппайтмго интернеттен
17.12.2018. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dilbaranurdinova,Оной эле личкага жазсан айтам
13.12.2018. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Интернетте сатылат бул кино кором десен 68рубл ушундай толоп корушун керек экен. Мен да коро албай болдум. Девушки из Дании
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо