БИР БҮРКҮМ. КЫТАЙ КЫРГЫЗ ЖАРАНДАРЫНА ВИЗА БЕРЕ БАШТАДЫ...

№840

  • УКМКнын мурдагы жетекчиси, 20 жылга соттолгон МУРАТ СУТАЛИНОВ бөйрөк оорусуна байланыштуу абактан Улуттук онкология борборуна которулду.
  • Парламент депутаты Чыныбай Турсунбеков өкмөткө социалдык камсыздандыруу төлөмүн 15 ПАЙЫЗГА ТҮШҮРҮҮ сунушун айтты. Учурда ал 27 пайыз.
  • Өлкөдө Сузак району ЭРТЕ ТУРМУШ кургандардын саны боюнча биринчи орунда экенин депутат Ирина Карамушкина айтып чыкты.
  • АЗАМАТ ҮСӨНОВ Кыргыз Республикасынын Кытайдагы жана Монголиядагы элчиси кызматынан бошотулду.
  • ИБРАГИМ ЖУНУСОВ Кыргыздын Өзбекстандагы элчиси болуп дайындалды.
  • Лейлек районунда тоого жылкы издеп чыккан жергиликтүү тургунду КАР КӨЧКҮ БАСЫП каза болду.
  • СИЗОдо отурган парламент депутаты ОСМОНБЕК АРТЫКБАЕВ ооруканага которулду. УКМКнын маалыматына таянсак, ага операция жасалышы мүмкүн.
  • Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы АДАМКУЛ ЖУНУСОВ Баку шаарынан кармалды. Аны Кыргыз өлкөсү Интерпол аркылуу издеп жаткан.
  • "Манас" эл аралык аэропорту" ААКсынын төрагасы болуп НУРЛАН АКМАТОВ дайындалды.
  • Иш күнү бүттү деген жүйө менен Жогорку Кеңеш 2 аптадан бери “Коопсуз шаар” боюнча өкмөттүн МААЛЫМАТЫН УКПАЙ жатат.
  • Каржы министри АДЫЛБЕК КАСЫМАЛИЕВ кызматынан бошотулду.
  • Жогорку Кеңеш "АЧЫК АСМАН" режимин ишке киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды.
  • Өкмөт ветеринардык жана фитосанитардык лаборатория куруу үчүн Кытайдан 18 МИЛЛИОН ДОЛЛАР ГРАНТТЫК каражат алганы жатат.
  • Кытай өлкөсү Кыргыз жарандары үчүн кайрадан жеке туристтик ВИЗА БЕРЕ БАШТАДЫ. Кытай мекендештерге виза берүүнү 2017-жылы токтоткон эле.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо