ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ 17-ДЕКАБРДАН 23-ДЕКАБРГА ЧЕЙИН

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл


Астролог Жанар Кадыралиев сунуш кылат.


КОЙ (21.03-20.04)

Аптада каржы маселесине көп көңүл бурулат. Акчанын аз же көп өлчөмдө болушу токтоолуктан жана активдүүлүктөн көз каранды. Күтүлбөгөн чыгымдар да болот. Жолдо жүрүүдө этияттык керектелет.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Адамдардын сизге мамилеси өзгөрүлүп турмакчы. Андыктан адаттагы кежирликти, бетке айтуучулукту ооздуктоо кажет. Жогорку кызматтагы адамдар менен баарлашасыз. Акыл калчап иш жасасаңыз жыйынтык жаман болбойт.


ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жабык типтеги ишканалардын (оорукана, аскер, жаза өтөө бөлүктөрү, ветеринардык мекеме) бирине иш менен барууга туура келет. Жумушта өйдө-төмөн учурлар болот. Сабырдуу болуңуз. Ден соолукка көңүл буруп, диеатаны туура сактаңыз.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Курбу, өнөктөштөр менен жолугуп, чогуу иш алып барууга туура келет. Башкысы, тактикалуу болуңуз. Эс алууда, балдар менен баарлашууда жагымдуу маанай күтүлөт. Айтылган талаптарды эске алыңыз.


АРСТАН (23.07-23.08)

“Өрдөктүн өзү чөлдө болсо да, көзү көлдө” дегендей абалда болосуз. Жумуш менен кошо үй чарба иштерине көңүл бөлүүгө, көбүрөөк күч жумшоого туура келет. Жакындарыңыз менен баарлашууда сыр жашырбаңыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Иш кагаздары менен документтерге көңүл бөлүңүз. Текшерүү органдары менен баарлашууда сылык, тактикалуу болуу зарыл. Туугандар, достор менен кеңешүүгө туура келет. Жаңылык угасыз. Сапарга чыксаңыз буюмдарга сак болуңуз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акчага байланыштуу иштер менен алпурушасыз. Өз көмөчүңүзгө көбүрөөк күл тартууга аргасыз болосуз. Абайлаңыз, башкалар нааразылык жаратып жүрбөсүн. Тажрыйбалуу кесиптештер менен кеңешип иш кылыңыз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Аптада активдүү жана токтоо болуу талап кылынат. Анткени көңүл көтөргөн да, чөгөргөн да учурлар кездешет. Эмоцияны көзөмөлдөп, ийкемдүү болуу оң. Ошентсеңиз жеңиш сиз тарапта болмокчу.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)

Кесиптеш жана өнөктөштөр менен алака кылууда кыраакылык зарыл. Анткени жашыруун душмандар активдешет. Түшүнүксүз жагдайлар ачыкка чыгат. Жолдо жүрүүдө абайлаңыз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Достор жана өнөктөштөр менен тыгыз мамиледе болосуз. Ийгиликтер менен кошо зээн кейиткен учурлар да күтүлөт. Үйдөгүлөргө жетишерлик убакыт бөлөсүз. Бир туугандар менен жагымдуу сүйлөшүүлөр жүрөт.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)

Жогорку кызматтагы адамдар, жетекчилик менен жакындан баарлашасыз. Ийкемдүү, кыраакы болсоңуз максатыңыз орундалат. Үй тиричилик иштери көбүрөөк убактыңызды алат. Чөнтөгүңүзгө акча түшөт.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Башка шаардык, көзөмөл органдары, абройлуу адамдар менен алака кыласыз. Алардын алдында өзүңүздү жагымдуу кармоого аракет жасаңыз. Ошондо ийгиликке жетишесиз. Балдар үчүн акча коротосуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо