БИР БҮРКҮМ. ТЕКЕБАЕВ ООРУКАНАГА КОТОРУЛДУ...

№841 14-20-декабрь, 2018-жыл

  • Мамлекеттик маанидеги документтерди басып чыгарууга жыл сайын бюджеттен 500 МИЛЛИОН СОМ кетет. Бул тууралуу “Учкун” ишканасынын директору Дайыр Кенекеев билдирди.
  • Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри УЛУКБЕК КОЧКОРОВ муктаж жарандарга жардам берүү боюнча мамлекеттик фонд түзүүнү сунуштады.
  • Азербайжан соту Бакуда кармалган Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовду КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮНӨ ӨТКӨРҮП берүүгө уруксат берди.
  • Токтогулдун Торкен айылында маданият үйү өрттөнүп, андагы китепканада 11 МИҢ КИТЕП күйүп кетти.
  • Таластын Кызыл-Адыр айылында 7-класстын окуучусу МУГАЛИМ ТАРАБЫНАН САБАЛГАНЫН айтып, кыздын апасы милицияга арыз жазды.
  • Экс-президенттерди КОЛ ТИЙБЕСТИКТЕН ажыратууну караган мыйзамдын долбоорун Жогорку Кеңеш 1-окууда карады.
  • Депутат Исхак Масалиев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди жер-жерлерге барууда ЖОЛДОРДУ ТОСТУРУП жатканы үчүн сындады.
  • "Ата Мекендин" лидери ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ абактан Улуттук кардиология борборуна которулду.
  • Бишкекте "Берекет" базарындагы өрттөн жабыркаган 312 СООДАГЕРГЕ январь айында жаңы имараттан орундар берилет. Бул тууралуу "Берекет" соода жайынын директору Жекшен Ильязов билдирди.
  • Жумгалда Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарынын БАЛДАРЫ МУШТАШЫП, 8-класстын окуучусу каза болду.
  • Каракол шаарындагы "Ак-Тилек" базарынын директоруна өрт коопсуздугу боюнча эрежелерди сактабаганы үчүн 200 МИҢ СОМ АЙЫП салынды.
  • Бишкекте табып ХАШИМ ЗАЙНАЛИЕВге “мыйзамсыз дарыгерлик кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши ачылды.

Автандил Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо