«АДАХАН МАДУМАРОВ – БИЗДИН ПРЕЗИДЕНТ!» ДЕГЕН УРААН МЕНЕН ОРУСИЯДАГЫ МИГРАНТТАР “БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫН” ЛИДЕРИН ТОСУП АЛЫШТЫ

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров өткөн аптада Орусияда жашап, иштеп жүргөн мекендештер менен жолугуп кайтты. Аны Кыргыз жарандары “Мадумаров – биздин президент!” деген ураандар менен тосуп алышты.

Жолугушуу 15-декабрда Москва шаарында өттү. 500 орундуу зал толуп, орундуктар жетпей мекендештер туруп көрүүгө аргасыз болушканын уюштуруучулар билдиришти. Бул жолугушуунун максаты – Адахан Мадумаров башында турган “Мен макул эмесмин” кыймылынын ишине байланыштуу чет жердеги мекендештерди түйшөлткөн маселелер боюнча сүйлөшүү болчу.

Суроолор, талкуулардан көрүнүп тургандай, сырттагы мекендештерди өлкөнүн азыркы абалы, бараткан багыты, келечеги абдан түйшөлтүп турат. Жолугушууда учурда олуттуу маселе болуп турган тоо-таштардагы кен байлыктар, ал кендерди иштетүүгө келгендер менен жергиликтүү элдин маселелери да сөз болду. Бул көйгөйгө токтолгон Мадумаров “Президенттик шайлоого 1,5 миллиард сом кетти деп эскиси айтты. Анын баары чындык деп жаңысынын штабын башкарып турган азамат айтты. Бул менин сөзүм эмес, факт. Эгер ушунун баары чындык болсо, кен байлыктарды жөндөн-жөн берип жатканы жок да? Бизден акылдуу, бизден эстүү муун келмейинче тоо-ташты жарууну токтотуш керек”,- деген пикирин билдирди. Уюштуруучулардын бири Калдарбек Омокеев убакыт тартыштыгынан Мадумаров Орусияга 1 күнгө гана барганын, Москвада дагы бир күн жолугушуу уюштуруп берүүнү сурангандар көп болгонун, бирок буга “Бүтүн Кыргызстандын” төрагасында мүмкүнчүлүк болбогонун айтат.

 

Афтандал Добулбеков

politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо