ЖЭЭНБЕКОВДУК БИЙЛИК ТЕКЕБАЕВДИН БОШТОНДУККА ЧЫГУУСУНАН ЧОЧУЛАЙТ

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

Өмүрбек Текебаев эркиндикке чыгышы үчүн ырайым сурап кайрылышы керек. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жыл жыйынтыктоочу маалымат жыйынында билдирди. Өмүрбек Текебаевдин иши бардык соттук инстанцияларда каралып бүткөн. Жогорку Кеңеш дагы караган, мен аны буза албайм. Сот чечими чыккан. Ал өзү суранып кайрылса, ырайым берейин”,- дейт Жээнбеков.

Ырайым суроо – коюлган күнөөнү моюнга алуу деген сөз. Өмүрбек Текебаев ырайым сурабай турганын, соттон акталып чыгууга аракет кыларын айткан. Анын ишин жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу кайра кароо өтүнүчүн Башкы прокуратура “негиз жок” деп четке каккан. Президенттин сөзүнөн улам бийлик Текебаевге сот аркылуу актыгын далилдөөгө мүмкүнчүлүк бербей, сүйрөй турганы көрүнүп турат. Бийлик саясатчыны бошотуп, анын тарапташтарынан жакшы упай алууга, ошол эле учурда тажрыйбалуу саясатчынын оюн талаасына, Жогорку Кеңешке кайтышына кызыкдар эместигин көрсөттү.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо