ЖАНАР АКАЕВ: “АТАМБАЕВЧИ, ЖЭЭНБЕКОВЧУ БОЛУП БӨЛҮНГӨНДҮ КАЧАН ТОКТОТОБУЗ?”

№842 21-27-декабрь, 2018-жыл

Депутат Жанар Акаев кесиптештерин бирөөлөргө курал болуп чабыла бербей, тарыхый ыңгайлуу маалды парламенттик системди бекемдөөгө, өнүктүрүүгө колдонолу деп чакырды.

Парламентте Асел Кодуранованы вице-спикерликтен кетирүү маселеси каралып жатканда Акаев: “Жарымыбыз Атамбаевчи, жарымыбыз Жээнбековчу болуп бөлүнгөндү качан токтотобуз? Качан парламенттик көз карашта иштейбиз? Бирөөгө жалданма болгонду токтотпойлубу? Азыр парламентти күчтөндүрүп ала турган учур. Саясатка барам, эл башкарам деген жаш муунга жаман үлгү көрсөтүп жатабыз. Сөз сүйлөбөсөң, каяша айтпай баарына “хоп” десең өсөсүң деген түшүнүктү сиңирип жатканыбыз өкүндүрөт”,- деди. Ал төрага Дастан Жумабековду сынга көтөрүмдүү болууга чакырды. Текебаевди бир шылуундун арызынын негизинде кармап кетип жатканда унчукпадык, мөңгүнү талкалоого уруксат бердик, жашап жатабыз го. Кызматтан эмес, элдин ишениминен кетүү жаман”,- деп Кодуранованы вице-спикерликтен түшүрүү трагедия эмес экенин эскертти.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо