СӨЗ ЭРКИНДИГИН ООЗДУКТОО БАШТАЛДЫБЫ?

№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл

Жалпыга маалымдоо каражаттарына каршы мурунку бийликтин тушундагыдай эле, миллиондук доо арыздар берилип баштады. Миллиондорго бааланган доо арыздар бул ирет оппозициялык “Апрель” телеканалына берилди. Болгону бул ирет арыз берүүчү өлкөнүн президенти эмес, Сооронбай Жээнбековду колдомой болдук деп расмий түрдө жар салышкан саясатчылар Азимбек Бекназаров, Кеңешбек Дүйшөбаев жана Ахматбек Келдибеков.

Жарандык активист Адил Турдукулов саясатчылар Ахматбек Келдибеков, Азимбек Бекназаров жана Кеңешбек Дүйшөбаев ар бири 3 миллион сомдон “Апрель” телеканалынын үстүнөн доо арыз бергенин, алар экс-президент Алмазбек Атамбаевден да 3 миллион сомдон өндүрүүнү көздөп жатканын айтат. “Апрель” телеканалы азыркы бийликтин кетирген катачылыктарын баса белгилеп, элге таратып жатат. Бул телеканал бийлик үчүн баш ооруга айланганы түшүнүктүү. Келдибеков, Бекназаров, Дүйшөбаевдин телеканалга карата сотко арыз менен кайрылышы – телеканалдын ишине тоскоолдук жасоо, жабуу аракети деген ойдомун. Атамбаевдин тушунда дагы бийликтин көзөмөлүндөгү сот, укук коргоо органдарынын күчү менен көптөгөн оппозициялык ЖМКлар жок болгон. Мисалы, “Сентябрь” телеканалы, “Заноза” сайты. Сот системи өзгөрө элек, жогорудан тапшырма түшсө аны аткарууга даяр. Биз Атамбаевдин тарапташтары жана каршылаштары деп бөлүнбөй, сөз эркиндигин, “Апрель” телеканалын сактап калууга аракет кылышыбыз керек. Эгер Атамбаев бизге жакпайт деп унчукпай койсок, эртең башка ЖМКларга басым башталышы мүмкүн. 18 миллиондук доо арыз “Апрель” телеканалынын ишин жөн эле токтотпой, биротоло жок кылууга негиз боло алат”,- дейт Турдукулов.

Атамбаевдин тушунда эркин ЖМКлардын үстүнөн миллиондук доо арыздар жазылып, президенттин бул аракети коомчулук тарабынан катуу сындалган. Эгер Жээнбековду колдойбуз деп жар салган саясатчылардын “Апрелдин” үстүнөн миллиондук доо арыздарды жазып, ал аркылуу телеканалдын ишине тоскоолдук жаралса, анда коомчулук азыркы бийлик деле мурдагы бийликтен айырмаланбай турганын, тескерисинче, атамбаевдик бийлик 5 жылдан кийин ажыдаарга айланса, жээнбековдук бийлик бир жылда ажыдаар болуп кеткенин түшүнөт.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо