ШЫКМАМАТОВГО КОЗГОЛГОН КЫЛМЫШ ИШИ КЫСКАРТЫЛДЫ

№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматовго каршы козголгон кылмыш иши кыскартылды. Депутат өзү “коюлган айып далилденген жок, мага каршы ачылган кылмыш ишинде кылмыштын курамы жок экени аныкталды” деп билдирди.

Алмамбет Шыкмаматов 2017-жылы “Эсептөө палатасынын аудитору кезинде жеке кызыкчылыгын көздөп, аялынын унаасын кымбат баага сатуу үчүн “Барат Люкс” ишканасын тендерге катыштырган, Эсептөө палатасына аялынын унаасын базар баасынан кымбат сатууну уюштурган” деп айыпталган. Ушул эле жылы Биринчи Май райондук соту күнөөлүү деп таап, Шыкмаматовго 5 миллион сом айып салган. Аны менен бирге айыпталган Эсептөө палатасынын мурдагы аудитору Жусуп Иманалиев 10 жылга эркинен ажыратылган. Бул чечимге макул болбогон Шыкмаматов шаардык сотко арызданып, Бишкек шаардык соту быйыл июнда райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген. Муну менен Шыкмаматов депутаттык мандатын сактап калган. Бул кылмыш иши коомчулукта Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Садыр Жапаровдун кылмыш иши сыяктуу эле саясий негиздеги иш деп аталып келди. Ал эми Шыкмаматов менен бирге айыпталган Жусуп Иманалиев буга чейин башка кылмыш ишине да айыпталып, 10 жылга эркинен ажыратылган. Учурда ошол иш боюнча абакта отурат.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо