БИР БҮРКҮМ. АБАКТАН 270 АДАМ ЭРКИНДИККЕ ЧЫГАТ

№843 28-декабрь - 3-январь, 2019-жыл

  • Жыл сайын 9-классты аяктагандардын 35 ПАЙЫЗЫ мектепте окууну улантышпайт.
  • Өлкөдө таза суу менен камсыздала элек 600дөй АЙЫЛ бар.
  • Финансылык чалгындоо кызматынын төрагасы ГУЛАМЖАН АНАРБАЕВге сөгүш жарыяланды.
  • Коррупцияга айыпталган Бишкектин Свердлов райондук сотунун мурдагы төрайымы ЭЛВИРА ЖАРКЕЕВА камакка алынды.
  • Жогорку Кеңештин депутаты Музаффар Исаков өз арызы менен МАНДАТТАН БАШ ТАРТТЫ. Ал буга чейин коррупцияга айыпталып жаткан.
  • УКМК: "Кытай жарандарына карата КАСТЫКТЫ КОЗУТКАН билдирүүлөрдү тараткандар кармалды".
  • Ош шаарында 3 бала ИТКЕ ТАЛАНЫП, ооруканага жаткырылды.
  • Орусияда курулушта иштеп жаткан Кыргыз жаранынын үстүнө БЕТОН ПЛИТА КУЛАП түшүп, ал каза болду.
  • КСДП фракциясынын депутаты АИДА КАСЫМАЛИЕВА вице-спикер болуп шайланды.
  • Жаңы жылга карата Бишкекте “Тез жардам” кызматы КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ иштөөгө өтөт.
  • Кеминде 11-класстын окуучусу СУУГА ЧӨГҮП каза болду.
  • 2019-жылдын 1-январынан тарта жаңы кодекстер күчүнө киргенине байланыштуу АБАКТАН 270 АДАМ эркиндикке чыгат. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
  • Быйыл мектеп окуучуларынын КЫШКЫ КАНИКУЛУ 28-декабрдан 14-январга чейин созулат.
  • ИИМдин маалыматына таянсак, өлкөдө 11 айда 5798 ЖОЛ КЫРСЫГЫ катталып, 600дөн ашык адам каза тапты.
  • Бишкекте Мамлекеттик тарых музейин оңдоодо 118 МИЛЛИОН СОМдон ашык акча мыйзамсыз коротулганын Башкы прокуратура билдирди.
  • Расмий маалыматка таянсак, өлкөдө 425 МИҢден ашык адам мамлекеттик жөлөк пул алууда.

Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо