ПУТИН АТАМБАЕВДИ КОДУЛООГО ЖОЛ БЕРБЕСТИГИН БИЛДИРГЕН ИШАРАТ КЫЛДЫ

№845 11-17-январь, 2019-жыл

Орусия Федерациясынын президенти Владимир Путин Жаңы жыл алдында жоон топ өлкө башчыларын, эл аралык уюмдардын башчыларын майрамы менен куттуктады. Орусия башчысы жеке жылуу мамиледеги мурунку өлкө башчыларын, алардын катарында экс-президент Алмазбек Атамбаевди, Франциянын мурунку президенти Николя Саркозини, АКШнын экс-президенти Жорж Буш кичүүсүн, Италиянын мурунку башчысы Силвио Берлусконини куттуктады. Муну менен Владимир Путин Атамбаевди жогоруда аты аталган дүйнөлүк лидерлерге теңеди.

Владимир Путин өз маектеринде, комментарийлеринде көп нерсени кечирүүгө болорун, өзү кечирбей турган бир нерсе бардыгын, ал – саткынчылык экенин айтып келет. Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги бүгүнкү абал, Жээнбековдордун Атамбаевге каршы кандай аракеттерди жасатып жатышканы коңшу өлкө башчыларынын, анын ичинде стратегиялык өнөктөш деп саналган Орусия президентинин да байкоосунда турганы түшүнүктүү. Сооронбай Жээнбековдун кантип КСДП партиясынын атынан жалгыз талапкер катары чыгып, кимдин тикелей колдоосу менен президенттик кызматка шайланганы аларга маалым. Андыктан жогорудагыдай ишараты менен Владимир Путин Атамбаевди колдой турганын көрсөттү.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо