Альбина Имашова, “Жылдын супер актрисасы”: «АЙРЫМ ТАСМАЛАРГА ТАРТЫЛГАНЫМА ӨКҮНГӨН УЧУР БОЛДУ»

№847 25-31-январь, 2019-жыл

Альбина Имашова 2018-жылы “Супер-Инфо” гезитинин тандоосу боюнча “Жылдын супер актрисасы” наамын алган. Эл да бекеринен аны тандабаса керек. Анткени актриса айым азыркы тапта чыгармачылыкка шымалана киришип, көптөгөн тасмалардын, видеороликтердин көркүн ачып, көрөрмандардын көңүл борборунда.

– Альбина айым, саламатсызбы, учурда сизди тасмадан, клип, роликтерден көп көрөбүз. Жылдызыңызды жандырган кайсы тасма болду?

– Алгач окуучу кезимде режиссёр Актан Арым Кубаттын “Беш кемпир” тасмасына тартылгам. Ошондо гана искусство, маданият, театр деген эмне экенин түшүнгөм. Ага чейин окуучу болсом сыналгыдан кино көрүп койгонум болбосо, ашыкча маалыматым деле жок болчу. Тасма талаасына аралашкан соң актрисалыкка кызыгуум артып, жүрөктөгү сезимдер ойгонуп, кино искусствосун тандайм деген чечимге келгем. Ал эми калың журтка тааныткан бул “Мегатой” комедиялык тасмасы болду окшойт.

– Жеңенин ролун катыра аткарган экенсиз. Андан кийин сизге “стерва” жеңенин ролун берип башташты. Өзүңүзчү, кандай образ жаратсам деп ойлойсуз?

– Мен тарыхый чыгармаларга кызыгам. Өзүм деле Кыргыз улуттук драма театрында иштегениме байланыштуу тарыхый чыгармалардын негизинде коюлган спектаклдерде көп роль ойнойм. Тарыхта из калтырган, өзүнүн орду бар инсандын ролун жараткым келет. Эгер бул жаатта кино тартылып калса, эгер жашым өтүп кетпесе сахнада болобу, кинодобу, Жаңыл Мырзанын ролун жаратсам деген кыялым бар.

– Өзүңүз тартылган тасмаларды көрөсүзбү? Кандай ойлор жаралат?
– Кээде шартка байланыштуу көрбөй калган учурлар болот. Бир жылдан кийин көрүп калабыз. Албетте, тасмаларымды күйөрман катары көрөм. Ролума сын көз караш менен карайм. Талдайм, кийинкиде кетирген кемчиликтеримди оңдогонго аракет кылам.

– Ар бир роль кыйынчылык менен жаралары бышык. Сиз үчүн эң түйшүктүүсү кайсы болду?
– Ар бир ролду чынында түйшүк менен жаратабыз. Жеңил эч нерсе жок. Бизди “актёрлор жыргап, каткырып эле жүрө бересиңер” дей беришет. Чынында андай эмес, ар бир ролдун артында эмгек жатат. Анан, албетте, образдын ачылышына режиссёрдун да эмгеги зор. Кээ бир режиссёрлор же өзү түшүнө албай, же оюн жеткирип бере албай “иши кылып окшотсоң” деп кишини кыйнап жиберишет. Эгер режиссёр талапты туура койсо, анда башка кеп. Мисалы, “Мегатой” тасмасында сценарийди алганда эле режиссёр Сүйүн Откеев так тапшырма берип, “Чолпонбай” жеңени аткарасың” деди. Анан жеңелерди байкап баштадым, мүнөздөрүн изилдедим, издендим. Айылга барганда алардын баскан-тургандарын, сүйлөө манераларын көңүлүмө түйүп алдым. Жыйынтыгында ушул образ чыкты.

– Ушул кезге чейин көңүлүңүз тартпаган тасмага өзүңүздү мажбурлап тартылып, кийин өкүнгөн учуруңуз болдубу?
– Ооба, айла жоктон сурангандардын көңүлүн кыя албай тартылган учурлар болду. Тасма жарыкка чыкканда “ай, ата, бекер тартылыпмын” деген күндөр болот. Бирок алдын ала кандай тасма чыгарын билбейсиң. Анткени режиссёрдун ишин, монтаж кандай жасалды, кандай техника менен тартылды, билбейсиң да. Экранга чыкканда көңүлгө толбой өкүнгөн учурлар болду.

– Театрда да, кинодо да жүрөсүз. Сизге кайсынысы көбүрөөк жагат?
– Театр негизги жумушум. Ал эми актрисалык карьерамды кинодон баштагам. Экөөнүн айырмасы эки бөлөк. Театрда көрүүчүлөр менен каармандардын жандуу байланышы болот. Кол чабуулардан энергия алабыз. Ал эми кинодо болсо эки сөз сүйлөй турган болсоң мейли 10, мейли 2 дубль болсун аткарасың. Бирок жалпы тасманын кандай багытта баратканын билбейсиң. Тасма даяр болуп экранга чыкканда гана жыйынтыгын көрөсүң. Ошол жерден кемчиликтериңди көрүп баштайсың. Бирок аны өзгөртүүгө такыр мүмкүнчүлүк жок. Ал тарыхка калат. Ал эми театрда болсо бүгүн кемчилик кетирсем, эртең кайталабаганга аракет кылам. Мен үчүн театр чоң дарак болсо, кино, клиптер, тойлорго Умай эне болуп чыкканым, мунун баары бутактары.

– Жакында эле кыргыз циркинин кызматкерлери Ак үйдүн алдына митингге чыгып, көйгөйлөрүн айтышты. Кыргыз драма театрында чечилбеген маселелер барбы?

– Кыргыз драма театрында бир эле көйгөй бар. Сахна, көрүүчүлөр залы жылытылбайт. Кышында көрүүчүлөр үшүп калышат. Биз да эртеден кечке сахнада репетиция кылабыз. Күрмөчөн болсок да тоңуп калабыз. Анан минтип кечке ооруй беребиз (күлүп).

– Көп аялзатында “комплекс” деген маселе жашайт. Сиздин деле убагында комплексиңиз болгонун билебиз. Аны кантип жойдуңуз эле?

– Мен чынында мектепте боюм узун болуп, уялганымдан боюмду жашырыш үчүн бүкүрөйүп жүрчүмүн. 1-курска актёрдук бөлүмгө окуганда да “Сага ылайыктуу өнөктөш жок. Сен даңкайып турсаң, балдар кичинекей болсо, сен ким менен ойнойсуң? Эмнени ойнойсуң?” деген суроолор туулган. Анткени боюма кошумча өзүм семиз, бетим топтоголок кыз элем. Уялчаактыгым укмуш. Бир нерсе айтышса эле эки бетим кызара түшкөн, жерди карап тилимди сунуп сүйлөбөгөн кыз элем. Көпчүлүк менен аралашып, көп сүйлөшүп, улуулардын кебин угуп кемчилигимди жойдум. Эжекелер, агайлардын да жардамы зор болду. Анткени сахнага чыкканда сенин уялганыңдын кереги жок. Же роль ойношуң керек, же ойнобошуң керек. Кесибимди сүйгөнүм үчүн комплекс менен аябай күрөштүм.

Азыр болсо мен эч нерседен уялбайм. Табигый жүргөндү жактырам. Кашымды тердиртпейм, татуаж жасатпайм. Анткени кинодо табигыйлык бааланат.

– Жолдошуңуз Арнис Кыдырмышев да сиздин так ушул табигыйлыгыңызды бааласа керек?

– Ооба, мен Арнис менен сүйлөшүп жүргөндө оозумду боёп алайын же жакшынакай шым кийип алайын деп ойлонгон деле жокмун. Өзүмдө эмне болсо ошол боюнча эле жолугушууга чыга берчүмүн. Экөөбүз жетелешип базарга барып, Арнис мага кийим алып берет эле.

– Арнис мырзага караганда сиз көп ийгилик жаратып келатасыз. Ушунун айланасында үйдө түшүнбөстүктөр болбойбу?

– Арнис ар дайым мени колдойт. Бизде сеники, меники деген түшүнүк жок. Жолдошум да дайым “Эркектерге сыйлыктардын кереги жок. Ал эми аялдарга сыйлыктар чоң стимул болот. Сенин ийгилигиң – менин ийгилигим” деп келет. Мени күчтүү кылып жаткан жолдошум.

– Учурда социалдык тармактарда баары эле 10 жыл мурунку сүрөттөрүн азыркы менен салыштырып киргизип жатышат. Сиз да сүрөтүңүздү жүктөөрдө 10 жыл мурунку жашооңузду эстегендирсиз?

– Ооба, 10 жыл мурун биз Франция, Германия, Кыргызстан биргеликте тарткан “Теңри” тасмасы менен Түркияга фестивалга барган элек. Ал кездеги Альбина менен азыркыны салыштырсам чоң өзгөрүүлөр бар. Мен анда өтө ишенчээк экенмин. Бирөөнүн суранычын ойлонбой туруп аткарчумун. Азыр болсо бир нерсе жасаар алдында талдайм. Мындайча айтканда, карышкыр болуп калдым. Ал кезде жакындарым “адамдар андай болот, мындай болот, ишенбегиле” десе эмнеге дей берчүмүн. Азыр ал суроолордун жооптору өзү эле чыгып калды. 10 жыл мурун бир кызыбыз болсо, азыр эки кыздуу болдук. Ал кезде досторум аз болсо, учурда досторум, туугандарым, чыгармачылыгымды сыйлаган адамдар көп.

– Маегиңиз үчүн рахмат!

"Мени калың журтка тааныткан "Мегатой" тасмасы болду".
"Кайда барбайлы кыздарыбызды чогуу алып жүргөнгө аракет кылабыз".
"Актрисалык кесипти тандашыма себеп болгон "Беш кемпир" тасмасындагы алгачкы ролум".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg



Альбина Имашова: "Кыздарым менин жолумду жолдошун каалабайм"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(26)
29.01.2019. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Дерзкая жеңе-таланттуу актриса. Ийгилик боло берсин. Жаңы ролдорду күтүп калабыз.
29.01.2019. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Соонун эжеда.....
29.01.2019. 09:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Альбина канчанчы жылкы билгендер жазып койгулачы
31.01.2019. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Janyjol.86,1983 жылкы болот
29.01.2019. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы актриса.
29.01.2019. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
аябай талантуу,жакшы чебер актриса,чыгармада ийгилик.
29.01.2019. 10:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мана аябай жагат да бул эже. Кинонун коркун ачып коет озу эле. Ийгилик сизге!
29.01.2019. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Турк актриса Нургюль Эшилчайга окшоп кетет экен...
29.01.2019. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Токтогул совсем башка андан көрө өзүңдүн айылыңды айтпайсыңбы же эмне силер чегип алганда кичинекей айылыңар шаар болуп калабы? дегени менен разборщик жеңе деген жерлерин көргөндө ичим эзилгенче күлдүм эле.
Beka9393 түзөттү 2019-01-29 11:22:52
29.01.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кашшшей жене ха ха ха
SUPER.KG видео
29.01.2019. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин адашым Альбина эже.. ардайым барболунуз ишинизге ийгилик айткан жакшы калооотилектери низ озунузго эселеп кайтсын
29.01.2019. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Сонун актриса,мен алыстамын,бир корушуп баарлашууну каалайм.Кыргыздын нукура сулуулугу бар.Боёк да аз,мен да боёнгонду жактырбайм.Ичим жылыйт эмнегедир.
29.01.2019. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу эжелер жана сиңдилер, сиздер үчүн сонун мүмкүнчүлүк.
Бизге,
29.01.2019. 22:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Мега той 1 де сонун ойногон 2 де ото эле ашырып ийген. Супер инфодо добуш берип аябай колдоп переживайтетик эле азамат эже ийгилик.
30.01.2019. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Кополок" тасмасындагы образды укмуш ачып берген, сонун ойногон. талант, талант...
30.01.2019. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу, таланттуу эже, мындай актрисалар бизде саналуу гана
31.01.2019. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Альбина эжедей,актисалар коп болсун биздин Кыргызстанда,коп жашаныз эжеке.
31.01.2019. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул актриса аябай жагат, ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
31.01.2019. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аллахым сиздерге Эркек балалуу болууну насип кылсын
31.01.2019. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Альбина эже, азаматсыз, дагы коптогон тасмалардын коркун ачып журо бериниз. Уй-булонузго бакыт, ден-соолук каалайм. Мегатой сиз менен эле Гулжайна Атаканова экоонуздор тартылган учун эле кызыктуу болду го дейм. Стерва женени катыра аткаргансыз ))
31.01.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Альбина эже бойду кудай элдин баарына эле бере бербейт. Модель спортсмен кыздарды каранызчы узун бойлуу кийсен баары жарашат . Менин да боюм узун болчу анан букуройуп басчумун боюмдан аялып анан кийин тушундум бой узун болсо жакшы экенин азыр туптуз басам .
31.01.2019. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Альбина айым,сиз люббой тасмада мыктысыз
31.01.2019. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрым тасмаларга тартылганынызга окунбонуз,не мынча дан дан айымсыз,сыйлайм абдан
01.02.2019. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай кайраттуу болсо керек. Ийгилик каалайм!
01.02.2019. 23:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таке бай фильмин укмуш ойноптур,тимеле ийинине жеткире аткарган,Аскат байке экөө
Бар болуңуздар ардактуу актёрлор,актрисалар.
04.02.2019. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага аябай жагат ушул эже
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо