БИР БҮРКҮМ

№847 25-31-январь, 2019-жыл

  • 2018-жылы Улуттук банктын эл аралык валюта резервинин көлөмү 21 МИЛЛИОН ДОЛЛАРГА азайган.
  • "Дарыгерлик менен мыйзамсыз алектенет" деп камакка алынган табып ХАШИМ ЗАЙНАЛИЕВ бошотулду.
  • Жогорку Кеңеш Бириккен Улуттар Уюмунун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын РАТИФИКАЦИЯЛОО тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.
  • Мигранттар өлкөгө жыл сайын 2 МИЛЛИАРД 5 МИЛЛИОН ДОЛЛАРДАН ашуун акча которушат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
  • Парламент комитетинде "Ак калпакка маданий символ статусун берүү жөнүндө" МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ жактырылды.
  • Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги 375 АЙЫЛ ӨКМӨТ дотацияда экенин билдирди.
  • АСЕИН ИСАЕВ Кыргыз өлкөсүнүн Индиядагы элчиси болуп дайындалды. Тийиштүү буйрукка өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков кол койду.
  • Орусиянын президенти ВЛАДИМИР ПУТИНДИН Кыргызстанга мамлекеттик сапары март айына белгиленди.
  • Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова жашоо шарты оор балдардын МААЛЫМАТ БАЗАСЫН иштеп чыгууну тапшырды.
  • Интернет таратуучу "АКНЕТ" компаниясы тарабынан мыйзам бузуулар болгону аныкталып, компания мамлекетке 150 миллион сом төлөп, келтирген чыгымдын ордун толтуруп берди.
  • УКМКнын МУРДАГЫ ЖЕТЕКЧИСИ Мурат Суталиновдун оор илдетке чалдыкканына байланыштуу жазадан бошотуу тууралуу документтер сотко өткөрүлдү.
  • Жогорку Кеңеш транспорт министри кызматына 94 добуш менен ЖАНАТ БЕЙШЕНОВДУН талапкерлигин колдоду.
  • Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы: "ӨМҮРБЕК ТЕКЕБАЕВ 2020-жылы февраль айында жатак-абакка которулат".

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо