«ЖЕТИКС» - КЫРГЫЗСТАНДА БИРИНЧИ ЖОЛУ ФАНТАСТИКАЛЫК ТАСМА ТАРТЫЛДЫ

№847 25-31-январь, 2019-жыл

23-январда борбор шаарыбыздагы “Манас” кинотеатрында режиссёр Сүйүн Откеевдин “Жетикс” тасмасынын “жашыруун”, тагыраагы, жабык бет ачары болуп өттү. Кыргыз адабиятында алгачкы фантастикалык чыгарма катары Кусейин Эсенкожоевдин “Үчүнчү шарын” билсек, кыргыз тасмаларынын ичинен "Жетикс" балдарга арналган алгачкы фантастикалык тасма болду. Кыргыз тасмаларынын корифейи болгон Болот Шамшиев да тасмада роль жаратты. “Мен балдарга арнап тасма тартуу үчүн жашым өтүп кетти. Бирок режиссёр Сүйүн Откеевдин сунушу менен балдар үчүн өз салымымды кошуп, бул тасмага тартылдым” деди ал.

Тасма эки жыл ичинде тартылып бүткөн. Анда миграция маселеси, жарым жетим балдардын турмушу сыяктуу коомдогу актуалдуу маселени баяндайт. Балдардын айрымдары алыстагы ата-энесине куса болсо, кээ бири туугандарынын колунда калып, мээримге муктаж. Режиссёр бул тасмасы аркылуу балдарга тарбия берүүдөгү ойлорун билдиргиси келгенин айтат.

"Коомдогу актуалдуу маселени фантастика аркылуу чагылдыргым келди. Интернеттин күнүмдүк жашообузга келиши менен балдарга тарбия берүү, аларга мээрим төгүү, сүйүү деген милдеттерден алыстап баратабыз. Дагы бир маселе – миграция. Балдарыбызды ишенип таштап кеткенибиз менен, кандай маселелерге дуушар болуп, коомдо өгөйлөнүп жатканын биле бербейбиз. Балдардын ачык айта албаган, ичине каткан үндөрүн тасма аркылуу бердик",- дейт Откеев.

"Жетикс" – мээримге зар балдардын сезимсиз планетадан келгендер тарабынан уурдалышы жана аларды куткаруу тууралуу тасма. Анда дайынсыз жоголгон балдарды жогорку күчкө ээ 5 бала кантип куткарып, сезимсиз планетаны жок кылганы баяндалат.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
31.01.2019. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корот элем. Биз учун жанылык, чет элдик комикстерди коруп атабыз го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо