- Жаңы дайындалган транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов менен каржы министри Бактыгүл Жээнбаева 31-январда Жогорку Кеңеште ант беришти.

- Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия балдарга кыргыз тилин үйрөтүү үчүн "Бал тил" деген тиркеме иштеп чыкты.
- Мурдагы транспорт жана байланыш министри Аргынбек Малабаев жол кырсыгына кабылып, ооруканада жатат.
- "2018-жылдын 9-апрелинде Кыргыз өкмөтү менен Түркия өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыз кылуу жөнүндө келишимди ратификациялоо тууралуу" мыйзамына президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
- “Global Finance” журналы "Дүйнөдөгү эң коопсуз өлкө" деген рейтинг түздү. Анда Кыргыз Республикасы 128 мамлекеттин ичинен 80-орунга коюлган.
- Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиргендей, Кыргызстан менен Кытайдын чек арасындагы "Торугарт" жана "Эркечтам" бажы бекеттери кытайлардын улуттук "Жаз майрамына" байланыштуу 2-февралдан 10-февралга чейин жабылат.
- Борбор калаанын мурдагы мэри Албек Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарев Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архаровага ишти кароо боюнча ишенбестик көрсөттү.
- Орусиянын президенти Владимир Путин Орусиянын Кыргыз Республикасындагы жаңы элчилигине Николай Удовиченкону дайындады. Буга чейин бул кызматты Андрей Крутько аркалап келген.
- 2018-жылы Кыгыз өлкөсүнүн аймагында 6 гана бала бакча курулган. Маалыматты өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги билдирди.
- 2018-жылдын 12 айында республикалык бюджеттин чыгашасы 141 миллиард 939,5 миллион сомду түздү.
- Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Болот Осмонов кызматтан бошотулуп, ордуна Керим Турапов жетекчи болуп дайындалды.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg