Мадина Талипбек, актриса: «ДЕЛБИРИМ» ТАСМАСЫНДА 43 ГРАДУС ЫСЫКТА КЫШ МЕЗГИЛИН ЧАГЫЛДЫРДЫК»

№849 8-14-февраль, 2019-жыл

Жакында Чыңгыз Айтматовдун "Кызыл жоолук жалжалым" чыгармасынын негизинде тартылган «Делбирим» тасмасы кыргыз-өзбек киночулары тарабынан элге тартууланды. Билишимче, буга чейин «Делбирим» чыгармасы 4 жолу экрандаштырылды, бул бешинчи жолку тартылышы. Аталган тасмада Аселдин ролун жараткан актриса Мадина Талипбек бул жолку коногубуз болду.

КААРМАН ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү ­– Мадина Талипбек

Туулган күнү – 1994-жыл, 1-сентябрь

Бою – 174 сантиметр

Салмагы – 55 килограмм

Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

– Мадина, «Делбирим» тасмасына тартылдың. Долбоор сенин жашооңо кандай таасир тийгизди? Кандайча тандалып калдың?

– «Делбирим» тасмасына профессионал актрисалардын арасында кастинг жүргүзүлдү. Алгач сүрөткө тартышкан, андан кийин видео сынакка мен жана дагы бир кыз чакырылдык. Биз эң татаал, эмоционалдуу учурун аткарып бердик. Бир аз убакыт өткөндөн кийин тасма боюнча эки өлкөнүн көркөм кеңеши мени Аселдин ролуна бекитишкенин айтышты. Аябай сүйүндүм.

– Аселдин ролуна кантип даярдандың? Айрымдар сын айткан учурлар болду, өзүң жараткан Аселге кандай баа бердиң?

– Бардык тарабынан алып караганда Асел татаал роль. Алгач ролду анализдеп, иликтеп чыктым. Андан кийин тасманын режиссёру Сарвар Каримов Асел кандай болушу керек экендиги тууралуу айтып берди, мен өз пикиримди коштум. Ошентип отуруп Асел жаралды. Эми оң же терс пикир ар дайым айтыла берет. Бирок көбү жаңы Аселге жакшы баа бергенин айтышты, элге жакты окшойт.

– Өзбек актёрлору Адиз Раджабов, Улукбек Кадыров эл оозунда жүргөн таанымал актёрлор. Алар менен иштешүү кандай болду?

– Мага ийгилик жылмайды окшойт, өтө күчтүү актёрлор менен тасма талаасында бир болдум. Негизи эле күчтүү команда чогулган экен, эч кандай пикир келишпестиктер болгон жок. Көз карашыбыздан түшүнүшүп жаттык. Сен да, өнөктөшүң да жан дили менен берилип ойноп жатса, жакшы жыйынтык чыгат экен. Улук байке, Адиз байке менен тартылууда мен жогорку деңгээлдеги кесипкөйлүктү сездим.

– Тартуу учурунан эмнелер эсиңде калды?

– «Делбирим» Өзбекстандын Ташкент жана Наманган шаарларында, Кыргыз жеринде Ысык-Көлдүн жээгинде тартылды. Жайында
43 градус ысыкта тартылды.Тартуу аянтчасына тонналаган туз төгүлгөн. Биз кыш мезгилин көрсөтүп калың байпак, күрмөлөрдү кийип алып ойнодук. Ошондой ысыкта от жаккан эпизод бар болчу. Тартуу учурунда аябай ысып, тердегеним эсимде калды.

– Бул тасмага чейинки актрисалык жолуң кандай болду?

– Мен Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин театралдык искусство бөлүмүн бүтүргөм. Бүткөндөн кийин Кыргыз улуттук академиялык драма театрына ишке чакырышты. 4 жылдан бери ошол жакта эмгектенип келем. Аны менен кошо тасмаларда роль аткардым. Казакстандын кино жаратуучуларынын сунушу менен "Таиланддагы каникул", "Чатырдагы булут" тасмаларына тартылдым. Кыргыз киночуларынын "Дарак ыры", "Махабат", "Багар", «Делбирим» тасмаларында роль жараттым. Театрда да чет жактан сунуштар түшүүдө. Мен үчүн жеңил роль жок. Театрда болобу, тасмада болобу, ар бир ролума анализ жүргүзүп, репетиция кылып, үстүнөн катуу иштегенге аракет кылам. Ташкент шаарында өткөн "Пролог" кинофестивалында "Айымдын мыкты ролу" үчүн деген наамды алдым. Бул менин алгачкы чоң сыйлыгым.

– Театрда интрига көп делет эмеспи, кабылган учуруң болду беле?

– Төрт жылдан бери иштеп келем, андай нерсени сезген жокмун. Ал адамдын өзүнөн көз каранды болушу мүмкүн. Интриганы жакшы көргөн адамдар бардык жерде жарата алса керек. Тескерисинче, мен театрда өзүмдү ыңгайлуу сезем. Биздин улуу муундагы театрда иштеген ага-эжелериме өзгөчө рахмат айткым келет, дайыма керек жерден оңдоп, баалуу кеңештерин айтып турушат. Мындайча айтканда, театрды экинчи үйүм, үй-бүлөм десем болот.

– Көбү эле ырчы Чолпон Талипбек эжең экенин билет болуш керек, андан тышкары эгизиң Медина дагы чыгармачыл чөйрөдө жүрөт эмеспи. Чыгармачыл адамдардын таасиринде чоңойдуңар беле?

– Апамдын кесиби экономист, атам болсо инженер-технолог. Үй-бүлөбүздө искусство тарапка кеткен биринчи адам эжем Чолпон болду. Режиссёр болом деп Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз Мамлекеттик маданият жана искусство университетине тапшырган. Анын изи менен мен актрисалык жолго түштүм, эгизим Медина болсо операторлуктун окуусун бүтүрдү. Ошентип баарыбыз ушу чөйрөгө келип калдык. Апамдын үнү аябай жакшы, анын атасы да комузда ойногон таланттуу адам болгон экен.

– Медина экөөңдүн табитиң окшошпу?

– Медина менин жарымым десем болот (күлүп). Бардык жерде чогуу жүрөбүз. Мүнөзүбүз эки башка, ал мага караганда тың, шок. Мен андан 20 мүнөт эрте төрөлгөм. Токтоомун, көп учурда ага көз салып жүрөм.

– Жүрөгүң бошпу?

– Ооба, жүрөгүм бош. Жашоодо бир эле жолу келе турган таза, бекем сүйүү болоруна ишенем, кезиге элекмин. Бирок сөзсүз келет деп ойлойм. Адатта кыздардын жигитке болгон талаптары болот эмеспи. Бою узун, келбеттүү болушу керек дегендей. Менде андай нерсе жок, болгону эркек өзүнүн сөзүнө, кыймыл-аракетине, кылган ишине жоопкерчиликтүү карашы керек деп ойлойм. Ушундай сапаты бар мырзалар жагат.

– Актрисалар турмуш кургандан кийин үй-бүлө же карьера деген суроого такалышат эмеспи. Сенде бул маселе жаралса...

– Издегенимди жолуктурганда мындай суроо жаралбайт болуш керек. Анткени ал менин жашоомду жакшы билиши керек. Мен үчүн театр менен кино өтө маанилүү нерсе. Өзүм үй-бүлөнү да карьераны да алып кете ала турганыма көзүм жетет.

– Популярдуулуктун даамын татып калдың, кандай экен?

– Популярдуулук – көз ачып-жумганча өтүп кете турган нерсе. Бүгүн мени таанышса, эртең унутуп калбайт деп эч ким кепилдик бербейт. Ошондуктан бул нерсеге көп деле маани бербейм. Мурун кандай болсом ошол боюнча эле калдым деп ойлойм. Өзгөргөндү каалабайм.

– Иштериңе ийгилик!

"Эжем Чолпондун аркасы менен биз дагы чыгармачыл чөйрөнү тандадык".
"Мен жараткан Аселге көптөр жакшы баа беришти, буга аябай сүйүндүм".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(9)
12.02.2019. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Чолпонго караганда маанилу суйлойт экен. Ийгилик молодец!
12.02.2019. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Соз байлыгы кенен экен. Бой которбогон кыз окшойт. Азамат!
12.02.2019. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
vikidiki, Бул жылдыз боло элек да. Бираз таанылып жылдыз болсунчу анан көрөбүз.
12.02.2019. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Молодец! Мындан да коптогон ийгиликтерге жет. Талипбектер Алга!
12.02.2019. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Татынашка,ийгилик сага!
12.02.2019. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Молодцы Талипбековы!!!
12.02.2019. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-10
Сенда башка улутка тийип алба ХХХХ болуп а так ийгилик калайм
Модератор admin_portal түзөттү 2019-02-12 14:21:40
13.02.2019. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмгекчил кыз экен азамат!!! Бирок биринчи Асел мн азыркы Аселдин айырмасы чооон... Татынакай, Акыл-эстуу, тарбия коргон кыз экен. Кошумча Чопа жаш корунот экен синдилеринен.
14.02.2019. 22:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кино качан чыгат интернетке
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо