БИР БҮРКҮМ

№849 8-14-февраль, 2019-жыл

  • Өмүрбек Суваналиев Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп дайындалды.
  • Орусиянын жараны деп мандатынан ажыратылган Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Жусупбек Коргонбай уулуна Экономикалык иштер боюнча район аралык соту мандатын кайтарып берүү чечимин чыгарды.
  • Жалал-Абадда соттук-медициналык экспертиза бөлүмүнүн жетекчиси 50 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды.
  • Жогорку Кеңеште Кыргызстанда турак жайлардан тышкары коомдук жайларда, мекемелердин имараттарынын ичинде жана коомдук транспортто тамеки тартууга толук тыюу салган мыйзам долбоору сунуш кылынды.
  • 2018-жылы Кыргызстандын аймагында токойду бүлдүрүү жана кыюу боюнча 607 факты катталды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги кабарлады.
  • Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуу боюнча кампанияны баштады. 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке жактар өткөн жылы алынган кирешелери боюнча маалыматтарын тапшырышы керек.
  • 2018-жылы Мамлекеттик бюджетте 141 миллиард 500 миллион сом киреше күтүлгөн, бирок жыл жыйынтыгында 135 миллиард 400 миллион сом киреше алынган. Муну менен мамлекеттик бюджетке 6 миллиард сом кем түшүп, бюджеттик план 95,7 пайызга гана аткарылган.
  • 2018-жылы жол кырсыгынан 80ден ашуун баланын өмүрү кыйылып, 1500дөй бала ар кандай жаракат алган. Бул тууралуу ички иштер министри Кашкар Жунушалиев билдирди.
  • Ушул жылдын 1-июлунан баштап Бишкекте пилоттук негизде милициянын кайгуул кызматы иштей баштайт.
  • «Түндүкэлектро» ААКсы 171,4 миллион сомго «акылдуу эсептегичтерди» сатып алат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо