Шахзода Матчанова, өзбек актрисасы: «ТУРМУШКА ЧЫГАРДА ЖОЛДОШУМА КИНОНУ ТАШТАБАЙМ ДЕГЕН ШАРТ МЕНЕН ТИЙГЕМ»

№850 15-21-февраль, 2019-жыл

Өзбек актрисасы Шахзода Матчанованы кыргыз коомчулугу “Жатакана” сериалы аркылуу тааныган. Кино чөйрөсүндө 11 жылдан бери келаткан актриса былтыр ата мекендик “Ак илбирс” киносыйлыгында Ёлик Туйчиевдин “Маьсума” деген тасмасындагы ролу үчүн “Борбор Азиядагы мыкты актриса” наамына татыган. Учурдагы өзбек киносунун жылдызы Шахзода режиссёр Азамат Арыков тартып жаткан “Мурас” тасмасында роль жаратууда.

– Саламатсызбы, Шахзода. Өзбекстанда алдыңкы окуу жайдан жогорку билим алганыңызды билебиз. Бирок кесибиңиз менен иштебей, актрисалыкты тандаган экенсиз?

– Ооба, мен Ташкенттеги Дүйнөлүк экономика жана дипломатия университетинин эл аралык факультетин аяктагам. Актриса болуп киного тартылам деген ой үч уктасам түшүмө кирген эмес. 3-курста окуп жатканда кыздар менен театрга барганбыз. Ал жактан Өзбекстандын белгилүү режиссёру Зулфикар Мусаковго жолугуп калдык. Ал кыздардын арасынан мага токтолуп, “Өзбекфильмге” пробага чакырды. Тилекке каршы, анда мени эмнегедир өзбек улутунан эмес дешип, тандоодон өтпөй калгам. Ошентсе да мен тууралуу маалыматтар, сүрөттөрүм кадрлар бөлүмүндө калган экен. 3-4 айдан кийин Зебо Наврузова деген режиссёр көрүп, тасмасына чакырып, ошондон кино талаасына жолум ачылган. Андан бери 11 жыл өттү.

– Кандай ойлойсуз, профессионалдуу актриса болуш үчүн сөзсүз актёрлук кесипке окуш керекпи?

– Менин тажрыйбамдан, дүйнөлүк жылдыздардын тажрыйбасынан алганда деле актёрлук билим сөзсүз керек эмес. Актриса болуш үчүн кесипти, кинону сүйүш керек. Ошондой эле башкалардын жашоосуна сүңгүп кирип, образ аркылуу каармандын жан дүйнөсүн жеткиликтүү бере билүү зарыл.

– Сиз образга, ролдорго маани берип, тандайсызбы?

– Албетте, мен чыгармачылыкты баштаганда эле роль, сценарий, режиссёрду тандачумун. Эптеп киного тартылыш керек деген ойдон алысмын. Мени биринчи кино дүйнөсүнө чакырган режиссёр да “Акча келет, кетет. Ал эми уят болсоң өмүр бою калат” деп үйрөткөн. Андыктан дайым ролдорума маани берем.

– Учурда тартылып жаткан режиссёр Азамат Арыковдун “Мурас” деген тарыхый тасмасы сизди эмнеси менен кызыктырды?

– Тасманын сценарийине кызыктым. Буга чейин триллер жанрындагы тасмага тартылып көргөм. Аталган фильмде фантастиканын элементтери болгондугу да кызыгуумду арттырды. Ошондуктан бул жаатта өзүмдү сынап көргүм келди. Анан албетте, тасманын продюсери менен алдын ала сүйлөшүүлөр жүрүп жатканда ал гримёрдун атайын Москвага барып окуп келгенин айтты. Мындан улам дагы картинада чыныгы профессионалдар болорун билип, макулдугумду бердим.

– Сизге эл аралык чоң долбоордон, белгилүү режиссёрдон жеңил ойлуу аялдын образын жаратуу сунушу түштү дейли. Мисалы, Жулия Робертстин “Татына кыз” тасмасындагы ролундай болсо, макул болот белеңиз?

– Макул болмокмун. Бизде чыгыш коомунда адамдардын түшүнүгүндө мурунку кылымдын калдыктары бар. Актёр, актриса болуу кылмыш же жаман жорук эмес. Экрандан биз ар кандай ролду ойношубуз мүмкүн. Ачыгын айтканда, эгерде интимдик сцена бар болсо, макул эмесмин. Эгер актёр режиссёр, сценарист менен түз иштеше алса, режиссёр актёрду уга билсе, анда эмнеге болбосун? Эгер мага “Татына кыз” тасмасындагыдай ролду сунушташса, мен ойнойм, бирок айрым жерлерин башкача кылып өзгөртөлү демекмин. Менимче, кинодо интимдик эпизоддору жок деле каармандардын сүйүүсүн жеткиликтүү берсе болот.

– Чыгыш менталитетинде идеалдуу айымды кандай деп сүрөттөйт элеңиз? Өзүңүздү алардын катарына кошосузбу?

– Чыгыштын айымдары биринчи кезекте уят-сыйытты билген, өтө токтоо болушат. Үй-бүлөнү биринчи орунга койгон, өзүнүн акылмандуулугу менен максатына жете билген айымдарды айтмакмын. Ал эми заманбап чыгыш аялзаты – бул карьераны да, үй-бүлөнү да алып кете билген айымдар. 21-кылымда аял үйдө отуруш керек, тамак-аш жасаш керек деген стереотиптерди жоюп койгон туура. Эгер жолдошу түшүнүп, аны колдоп жатса эмнеге иштебей койсун? Өзүмдү да идеалдуу айымдын катарына кошом. Мен заманбап көз карашта болгонум менен, каныма чыгыштын менталитети сиңген.

– Чыгыштын менталитетине ылайык, чыгармачылыкты тандаган айымдарга үй-бүлө очогун тутантып, ошол эле учурда коомдо да өз ордун сактап калуу канчалык түйшүктүү?

– Мен жолдошума турмушка чыгар алдында кинону таштабайм деген шартты койгом. Анткени мурун кино мен үчүн хобби гана болсо, азыр жашоомо айланды. Бактыма жолдошум менин чыгармачылыгымды, киного болгон сүйүүмдү түшүнөт, колдойт. Андыктан бул жаатта мен үчүн көп деле кыйынчылык жок. Баары аялдан көз каранды деп ойлойм. Эгер аял эркектин тилин таба алса, бардык нерсени ишке ашырууга болот.

– Биз экранда көрүп көнгөн бир сындуу Шахзода менен жашоодогу Шахзоданын айырмачылыктары барбы?

– Жок. Мен үйдө деле, коомдо деле, мына сизге маек берип жаткан учурда деле бирдеймин. Эч кандай "жылдыз оорусу" менен оорубайм деп ишенимдүү айта алам. Апам мен жаңы эле тасмаларга тартылып баштаганда “мындан ары актрисалык карьераң ийгиликтүү болобу, жокпу билбейбиз. Эгер ийгиликтүү болсо, сен канчалык бийик көтөрүлгөн сайын башыңды жерди карат” деп айткан. Мен өзүм деле оор басырыктуу адамдарды жактырам. Өздөрүн башкалардан бийик көргөндөрдү жактырбайм. Андай мүнөздү көрдүм дегиче мамилемди токтотом. Мен өз күчү, эмгеги менен ийгиликке жеткен жөнөкөй адамдарды баалайм.

– Өзбек ырчысы Шахзода менен көп жылдан бери курбусуздар. Сиздерди эмне бириктирип турат?

– Биз Шахзода экөөбүз, адашпасам, 7-8 жылдан бери курбубуз. Шахзодага дайым "Мен да бир кезде сенин ырларыңды укчумун. Бирок келечекте ушинтип достошуп калабыз деп ойлогон эмесмин" деп айта берем. Шоу-бизнес чөйрөсүндө чыныгы достук жок деп көп айтышат эмеспи. Мен ошол сөздөргө кошулбайм. Себеби баары адамдын өзүнөн көз каранды. Мен шоу-бизнестеги достукка да, айымдар ортосундагы достукка да ишенем. Шахзода экөөбүз көп сырдашабыз, кээде аны карап отуруп толтура окшоштуктарыбызды байкайм.

– Убакыт бөлүп, маек бергениңизге рахмат, Шахзода. Чыгармачылык ийгилик каалайбыз!

"Мурас" тасмасында жалаң профессионалдар иштегени үчүн тартылууга макул болдум".
"Шахзода экөөбүздүн окшоштук жактарыбыз көп".
Мындан 3 жыл мурун актриса көптөн бери арзышып жүргөн жигитине турмушка чыккан.

Гүлжамал Абылкасымова
star@super.kg


Шахзода Матчанова: "Турмушка чыгарда жолдошума кинону таштабайм деген шарт койгом"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(14)
19.02.2019. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чыгармачылык ийлилик каалаймын.
19.02.2019. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жакшы актриса,кинолордо терс каармандарды жакшы ачып берет го
19.02.2019. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Общага беле бир кино бар элего,ошодо аткарган актриса кызбы???
19.02.2019. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
katerina.li,оа ошол кыз
SUPER.KG видео
20.02.2019. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай деле сулуу эмесгоо
20.02.2019. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Делбирим киносу тартылганда актриса кыздарыбызды жамандап жатып калышты эле.Озбектердин эркектери жагат деп.Эми Ошо озбектердин кызы кыргыз балдар менен тартылып жатса эч ким ун дебейтко.Тообо деп гана жакан кармайсын.
20.02.2019. 22:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Общагада жакшы аткарган
SUPER.KG видео
21.02.2019. 00:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жонокой кийинген акылдуу кыз экен ар бир суйлогон созу орду менен чыгармачылык ийгилик.
21.02.2019. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Улуту кандай бул кыздын
21.02.2019. 04:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Eliza1991,Узбечка
21.02.2019. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
02.10.93N,караклпак
23.02.2019. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
02.10.93N,биринчи кастингге барганда озбек улцтунан эмес деп актрисалыкка албай коюшкан деп атат го.Каракалпактын клибинен коргом бул кызды.
25.02.2019. 11:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurhan2702,Айланайын жакшы уксанар озбеке окшобон учун албай коюшкан деп жатпайбы. Бул озбечка эле.
22.02.2019. 23:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун актриса мага аябай жагат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо