ИНТЕРНЕТ – ЖАШОО БУЛАГЫ

№401 9-15-июль, 2010-ж.

Силер билесиңерби?

Кыргыздар “Манасты” билбеген адамды кыргыз эмес дешсе, батыштагылар интернетти билбеген адамга таң калышары анык. Анткени азыркы жашообуз интернетке байланган.

ИНТЕРНЕТТИН КЕЛИП ЧЫГЫШЫ
Интернет – (англ. бириккен түйүн­дөр) маалыматтык жана эсептеп чыгаруучу глобалдык ресурстардын телекоммуникациялык түйүнү.
1957-жылы Советтер Союзу Жердин спутнигин коё бергенде согуштан чочулаган америкалыктарга ишеничтүү маалымат тармагы керек болгон. Бул үчүн атайын компьютердик түйүн иштеп чыгуу тапшырмасы коюлган. Түйүн ARPANET деп аталган.
Алгачкы ARPANET 1969-жылы 1-сентябрда Лос-Анжелесте Калифорния университетинде орнотулган. Honeywell DP-516 компьютеринин 24 килобайт операциялык эс-тутуму болгон.
1969-жылы 29-октябрда ARPANET менен Стэнфорд изилдөө институтунда байланыш сеансын жүргүзүшкөн. Так ушул датаны интернеттин туулган күнү деп белгилесе болот.
1971-жылы электрондук кат жөнө­түү боюнча программа иштелип чыккан.
1988-жылы чат иштей баштаган.
Азыркы учурда интернетке байланыш спутниги, радиоканал, кабелдик телевидение, телефон, уюлдук байланыштар аркылуу туташса болот.
2008-жылдын ортосуна интернет колдонуучулардын саны 1,5 миллиардга жеткен.

ИНТЕРНЕТТИН “ТЕЗ ЖАРДАМЫ”
Фейсбук – 2004-жылы Марк Цукерберг тарабынан ачылган социалдык тармактагы веб-сайт. Акыркы маалыматтарга караганда, 2010-жылы апрелде колдонуучулардын саны 540 миллионго жеткен.
Фейсбук аркылуу ар ким өзүнүн профилине сүрөттөрдү жүктөп, дос күтүп, башкалар менен кат алышууга жана өзүнүн статусу жөнүндө маалымат берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
2009-жылы 20-июнда фейсбук орус тилдүү вариантта чыккан. Ошондон тарта орус тилдүү колдонуучулардын саны күн санап өсүүдө.

ТВИТТЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Twitter – (англ. tweet – быдылдоо, көп сүйлөө ) тез аранын ичинде СМС жөнөтүүгө шарт түзгөн интернет-сайт. 2010-жылдын 15-апрелине карата 105 миллион колдонуучуну тейлеген. Ар ай сайын 190 миллион колдонуучу кирип-чыгат.
Жек Дорси деген адам “азыр эмне кылып жатасың?” деген суроого жооп издеп, акыры твиттерди иштеп чыккан. Твиттер – маалымат таратуучу эң ыкчам булак.
Твиттерди колдонуучулардын катарын Д.Медведев, Т.Канделаки, С.Лазарев сыяктуу атактуулар толукташат.

Гүлжамал Бөрүкулова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(4)
13.07.2010. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орус тилдуу варианты биринчи иштелип чыгып, анан сайт ачылганбы же кандай, тушунуксуз. Сынды туура кабыл алып уйронуу керек :)))
14.07.2010. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aspirant,сизге рахмат. Маалымат такталды.
16.07.2010. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маалыматынар такталган менен менин жазгандарымды толугу менен жарыялабапсынар. Силерди сындаган же туура эмес жазганынарга сын катары жазылган коменттерди эмне себептен жарыялабайсынар?
18.07.2010. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Супер силердин чынында супер гезит экенсинер ар тармак боюнча сливкаларын жыйнап 'kut тушунуктуу кылып белесинер ишинерге ийгилик
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо