Азамат Уланов, актёр: «2 ЖЫЛДАН БЕРИ ҮЙ-БҮЛӨМДҮ БАГЫП КЕЛЕМ»

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

Азамат Уланов 5-классынан тартып эл алдына чыккан. Учурда ал актёрлук кесипти аркалап, кыргыз, казак тасмаларына тартылууда. “Эки жылдан бери үй-бүлөмдү өзүм толук камсыздап келе жатам” деген Азамат “жылдыз оорусу” менен ооруган мезгилин, балдар үйүндө жашаган күндөрүн эскерип өттү.

– Азамат, окуучу кезден таанылдың. Кадимки окуучу баладан таанымал адамга айланганыңды кандай кабылдадың?

– Мен 5-6-класстарда тамашоучу, "Бир тууганчик" тасмасындагы гүл саткан бала катары элге таанылдым. Кичинекей балдар суктанып, улуулар мактап, сүрөткө түшүп жатышса таасир этпей койбойт экен. Көңүл борборунда болгонума өзүмдү жылдыз сезип, башкаларды көзгө илбей баштадым. Мугалимдерге кыйкырып, өзүм курдуу достор менен сүйлөшпөй, үйдө эжемдер бир нерсе айтышса укпай, тоготпой калгам. Бирок мунун баары өзүмө сезилчү эмес. Бир күнү ата-энем бөлмөгө алып киришти да, "түшүнүп жатабыз сени, "Тамашуодо" ойноп жатасың, киного тартылдың. Бирок өзүңдүн жүрүм-турумуңа анализ жүргүзүп жатасыңбы?" деп акырын айтышты, башка чабышты, тарбиялашты. Мектепте "Азамат мурдунун астындагы нерсени көрбөй калыптыр. Бир күнү чалынат" деп сөз кылып жатышты. Досторум "же сен өзүңө келесиң, же биз сени менен мындан ары сүйлөшпөйбүз" деген талаптарын коюшту. Бекеринен мындай болуп жаткан жоктур деп баарын таразалап, ойлонуп, акырындап жерге түштүм.

Азыр деле эстрада жылдыздарынын көпчүлүгү "жылдыз" болуп жүрүшпөйбү. Андай көрүнүш сырттан аябай жаман көрүнөт экен.

– Учурда экономикалык багытта окуп жатыптырсың. Дипломдун кийин пайдасы тиеби?

– Мен 11-классты аяктап жатканда классташтарымдын максаттары бар болчу. Менде кайсы бир кесипке өзгөчө каалоо жок болгондуктан, ата-энем менен кеңешип экономика тармагына тапшырдык. Кийин, тү-тү, Кудай сактасын, актёрлук жактан иш болбой калса, эсепчиликке бардык чөйрөдө суроо-талап болот деп ойлойм.

– Актёрлук өнөрүңдүн жашоодо пайдасы тийип жатабы?

– Актёр болгонум үчүн Инстаграм баракчамда окурмандарым көбөйүп жатат. Мен үчүн бут кийим, тамактар, такси кызматы акысыз. Айтор, жашоого эмне керек болсо баары бекер. Акыркы 4 жылдын ичинде көп каражат таптым. Дүкөндөр, компаниялар "бизди жарнама кылып койчу" же "вайн тартып берчи" деп чакырышат. Жарнама үчүн атайын "ставкам" да бар, мисалы, бир билдирүү 150 доллар, эгер вайн тартсам 300 доллар төлөшөт. Ошондуктан актёрлук кесипке ыраазымын.

– Ата-энеңе да ийгиликтериң жагып жаткандыр?

– Мен 5-классымдан КВНдин артынан Астана, Алматыга көп бардым. Ата-энем "кайда барба, эмне менен алек болбо, биз каршы эмеспиз. Бирок окууңду таштаба" деп талап коюшчу.

– “Апамды издеп” тасмасынан сен юморду гана эмес, драманы да жеткиликтүү ойной аларыңды көрсөттүң. Образга кирүү кыйын болгон жокпу?

– Актёрлордун жеткиликтүү ойногону – бул режиссёрдун эмгеги. Тасма тартылар алдында Руслан Акун мага "бир жума балдар үйүндө жашайсың" деген. Фотограф, оператор, локациянын директору болуп балдар үйүнө барып, алар өз иштери менен алек болуп жүргөн учурда балдардын жүрүм-турумун, бири-бирине болгон мамилелерин байкап отурчумун. Негизи бардык эле актёрлор камера алдында ыйлай албайт. Менде мындай маселе жаралган эмес. Анткени башымдан өткөн ыйлата турган бир окуя бар. Качан болбосун аны эстесем ыйлай берем.

– Жакында тасманын экинчи бөлүмү чыкты. Өзүңө кайсынысы көбүрөөк жагат?

– Биринчи бөлүмү. Анткени экинчи бөлүмдө Эмил байке (ред.: Эсеналиев), Адель (ред.: Кадиева) кошулду. Башкы каарман 4 кишиге бөлүндү. Биринчи бөлүмүндө негизги каарман мен болчумун, мен элди ыйлаткам. Уландысында болсо тасманы көрүп чыккандардын баары “Эмил жарды” деп айтып жатышты. Биз Тауекел Мусилим экөөбүз арткы планга жылып кеттик.

– 14-февраль күнү кыз-жигиттер Сүйүшкөндөр күнүн белгилешти. Сага бул майрамдын тиешеси барбы?

– Мага тиешеси жок. Анткени былтыр "Апамды издеп", казактардын "Брат или брак" тасмаларынын уландысына тартылып жүрүп жеке жашоого убакыт болгон жок.

– "Шоу чөйрө мага жагат" деген экенсиң. Эмнеси менен жагат?

– “Тамашоу”, тасма талаасы, КВН менен жүрүп мен шоу чөйрөгө аралаштым. Ошонун артынан үй-бүлөмдү багып келе жатам. Мурун кичинекей кезде ырчыларды көрүп суктанып, Мирбек (ред.: Атабеков) менен сүрөткө түшсөм деп кыялданчумун. Азыр болсо Мирбек байкеге “Бензин түгөнүп калды, алып кетиңизчи" деп каалаган учурда чалып, жардам ала алам. Ал эми казак актёру Тауекел Мусилим менен дос болуп калам деп түшүмө кирсе да ишенмек эмесмин.

– Сен улуу адамдар менен көп жүрөсүң. Достор тең курактуу болуш керек дегенге кошуласыңбы?

– Менимче, достукта чек болбош керек. 5-класста “Тамашоуго” келгенимде өзүмдөн 4-5 жаш улуу балдар менен аралашып жүрдүм. Өзүм менен курдаш 2 гана досум бар. Калгандары, сиздер байкагандай, улуулар. Бишкектеги жакын досторумдун баары 4 жаш улуу. Улуулар менен достошуп жүрүп ой жүгүртүүм да өзгөрдү. Мени менен тең балдар интернет оюндарын ойноп жүрүшсө, мен үй-бүлөнү багуу камындамын.

– Өз алдыңча эрте иштеп калганың үчүн үй-бүлө багуу жоопкерчилигин алдыңбы? Ата-энең бизди бак дешпесе керек?

– Ооба, ата-энем бизди бак деп деле айтпайт. Атам 49 жашта, майыптык боюнча пенсияда. Унаа алып-сатып иштейт. Анда кээде машина өтсө, кээде өтпөйт. Туруктуу акча жок. Апам болсо үй кожойкеси. Ушул себептерден менде үй-бүлө багыш керек деген жоопкерчилик жаралды. Андыктан 2 жылдан бери үй-бүлөмдү толугу менен камсыз кылып келе жатам.

– Максаты жок адам болбойт дешет. Алдыга кандай максаттарды койдуң?

– Менин биринчи максатым – үй-бүлөнү багуу. Бул аягы жок максат. 4 жылдан кийин үйлөнүүгө даярданып башташ керек. Батыраак балалуу болушум кажет. Анткени мен үйдүн жалгыз уулумун. Эки эжем турмушка чыгып кетсе, апам кимди эркелетет? 25 жаштагы мени эркелетпейт да (күлүп). Үйлөнгөн соң үйүбүздү чоңураак үйгө алмаштыруу планым бар.

– Пландарың ишке аша берсин! Маегиңе рахмат!

...ЭМНЕ КЫЛАСЫҢ?

Жиниң келгенде...
– Жактырган музыкаларды угам, жашоонун маңызы тууралуу тартылган роликтерди көрөм. Биз жашоого бир келебиз, андыктан ар бир секундубузду баалап, рахаттанып жашаш керек.

Жиниңди келтирген адамды көргөндө...
– Мындай адамдарга теңелбешим керек, алардан бийик болушум керек деп өзүмдү колго алганга аракет кылам.

Кубанычың коюнуңа батпай турган учурда...
– Жанымдагылар менен кубанычымды бөлүшөм. Же үй-бүлөбүздүн WhatsApp`та группасы бар. Ошол жакка “Мен силерди сүйөм” деп жазам.

Жактырган кызды көргөндө...
– Кол титирейт, жүрөк дүкүлдөп, бат согуп баштайт. Бирок акыркы кезде ар бир секундду баалай билейин деп, жактырган кызыма дароо оюмду айтам, киного чакырам.

Шашкан учурда...
– Жинденем, ызаланам. Эртерээк аракет кылсам болмок дей берем.

Сүйгөн учурда...
– Бактылуумун! Бир айдай күлгүн көз айнекти тагынып, акылымды жоготуп сүйөм. Бир айдан кийин реалдуулукка келе баштайм.

Колуңа акча тийгенде...
– Өзүмө керектүүсүн алып калам да, калганын үйгө алып барам. Ошондой эле досторум менен тамактанам, эс алам.

"Апамды издеп-2" тасмасында башкы роль 4 кишиге бөлүнүп кетти".
"Жылдыз оорусуна" кабылганымда ата-энем жакшылап "сабак" окуп, жерге түшүрүп коюшкан".

Гүлжамал Абылкасымова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(25)
25.02.2019. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+34
Оорупсун оа азыр да Жылдыз болуп ооруп жатыпсын жакшылап кара суйлогон создорунду кайсыл созду туура эмес суйлодун
25.02.2019. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
Жылдыздар кобойду.
25.02.2019. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+41
Эмил жарды дешти деп бала озунчо эле нааразы го))
25.02.2019. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+15
Азыр деле жашда, көтөрүлөт кайра түшөт адам болгон соң болот да. Ийгилик гана каалайм!!!
25.02.2019. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Чындыгында биздин кыргыз эли сындап эле отурса, бул баланын талантын баалаш керек, ушундай жаш болуп ар бир элдин журогунон орун алды,ата энесин ыраазы кылып журот.Атына затын жарашкан баласын.Осуп онуго бер.Кыргызстандын атын чыгарып журо бер!.
25.02.2019. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмил действительно жарыптыр бул баланын ролу анча болбой калыптыр
25.02.2019. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+14
Ооба азыр деле айыга элек экенсин. Бирок ийгилик!
25.02.2019. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+21
Ушу Азаматты эч эле 19 жаштагы жигиттей кабыл ала албай койдум да. 5-6-класстын окуучусундай сезиле берет))
25.02.2019. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+16
Озу тендер бул баланы укө катары корсо керек. Кошпойтда кодойуп турса. Дагы "озу тендерди тоготпойм"- деп койот
25.02.2019. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Эгер адамга кудайым сырткы келбетиңи өзүң жасап ал десе ,баары башкача болмок.Улан да кези келгенде чоңоюп кетет.Ар бир эркек Уландай жоопкерчиликтүү болгондо,КР нын келечеги 100%өзгөрмөк.Өкүнүчтүүсү 38жаштагылар дагы бул баладай ойлоно электер бар.Азаматсың Улан!Сынга сынба,сени сыйлайбыз.
26.02.2019. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan,Улан эмес Уланов Азамат
27.02.2019. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Akylai_aktan,Ха-хааа уланмиш.
28.02.2019. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylai_aktan,ообада уй булоомду багуум к.к
деп максат коюптур,бул бала м.н тендер эмес
Сиз айткандай 30 жаштагылар да ойлоно
Элек
26.02.2019. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми анча-мынча жылдыз болсо болгондур жашта и ест чем гордиться дегендей!Аткарган рольдору жагат,жакшы ойнойт.уй-булоо багуу максатын жакты азаматсын Азамат!бул чынында чексиз максат,мунун артында балдарына бактылуу балалык,ата-энеге доолотту каарылык бар буйруса!29,39,49 жаштагы кээбирлер тушуно элек тушунук сенде бар экен.
26.02.2019. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+17
мен менен тең балдар компьютер ойнойт дейтго, бул менен тең балдар Россияда иштеп үй бүлөөсүн багып жатышат... мен бул баланы 6-7-класста окуйт окшойт депмин
26.02.2019. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+11
Мм..Уй булоосу 10чакты киши го десе...мактанчаактыгын бар экен бир аз...
03.03.2019. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa,таластыкда
27.02.2019. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Камыр болбой эле мактанып алыптыр го,озумо келдим дейт,келбей эле дагыле учуп журупсун иним...
27.02.2019. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Оа оа келе элек экен. Атасынын майыптык пенсияда экенин айтып мне кылат. Багып атам деп милдет кылгандай го
28.02.2019. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боюн осуп кетет,бизде да ошондой бир окуя болгон
28.02.2019. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
жылдызча ХХХХХ пасыраак учсан жумшагыраак жыгыласын...атан капа болду болуш керек багам десен ал сени багып жатам деп дурот да ...
Модератор admin_media түзөттү 2019-02-28 13:14:02
01.03.2019. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бала 7 асманда эмес эле 27 асманда журотко.
01.03.2019. 21:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комплекс Наполеона, и все симптомы
02.03.2019. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
po hodu jyldyz oorusu menen oorup buto elek okshoit, murdaky bergen intervyusunda dagy ui bulomdu bagyp kele atam dep aytkan, azyrkysynda dele oshol. Bir az jerge tush.
02.03.2019. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик.Колунардан эч нерсе келбей эле
клавишаны басып коё берсинер да.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо