БИШКЕК ЖЭБин ЖАҢЫЛОО ИШИ БОЮНЧА СОТ БАШТАЛДЫ

№851 21-27-февраль, 2019-жыл

18-февралда Бишкек шаарындагы Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин жаңылоодо "коррупция" беренеси менен айыпталган мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков менен биргеликте мурдагы 7 аткаминерге, алардын катарында экс-премьер Жантөрө Сатыбалдиев, экс-министр Осмонбек Артыкбаевге карата козголгон кылмыш иши боюнча соттук отурум башталган. Жаңы кодекстерге ылайык, соттук алдын ала уктуруу жабык өттү.

Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов отурумдун жүрүшүндө соттук кароону ачык кылуу өтүнүчүн келтиришкенин билдирди. "Зал абдан тар экен. Жактоочулар жана башка адамдар болуп 20 киши араң баттык. Биз "кийинки отурумдар ачык болсун, эл баткан кенен зал караштыргыла" деген өтүнүчтү айттык. Негизи алдын ала уктуруулар жабык түрдө өтөт. Кийинки алдын ала угууда мыйзамсыз далилдердин тизмеси каралат. Алдын ала угуулар бүткөндөн кийин 3 варианттын бири кабыл алынат. Же соттук иш уланат, же соттук кароо токтотулат, же болбосо иш кыскартылат",- дейт жактоочу.

Сотко Сапар Исаковдун жакын туугандары жана тарапташтары да келишти. Исаковдун туугандары: "Уулубуз чоңдордун тапшырмасын аткарды. Президент, парламент уруксат берген соң ишти жүргүзөйүн деп чуркады да. 1957-жылдан бери бузулуп, талкаланып калган ЖЭБди оңдоо керек деди. Буга жалгыз Сапар Исаков жооп бере албайт. Ага парламент чечим чыгарды. Атамбаев менен Жээнбеков тирешип жатканда балабыз жапа чегип калбасын",- деп кабатырланып жатышканын билдиришти.

Өткөн жылы Сапар Исаковго карата Бишкек ЖЭБин жаңылоодо кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон деп "коррупция" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Экс-премьер бул ишти өзүнө каршы саясий куугунтук деп атап келет.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо