-

Жогорку Сот экс-депутат
Каныбек Осмоналиевди актады. Ага 2014-жылы депутат кезинде Кыргыз-Орус Славян университетинин медициналык факультетине 24 абитуриентти мыйзамсыз кабыл алууга тиешеси бар деп кылмыш иши козголгон.
-
Кыргызстандан жеке жактар тарабынан 2018-жылы 542,2 миллион доллар чет өлкөлөргө которулган. Маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу
90,3 миллион долларга көп.
-
"Коррупциясыз кыргыз коому" деп аталган уюм түзүлдү. Уюм бийлик бутактарындагы коррупциялык иштерди иликтемекчи. Бул тууралуу 18-февралда кыймылды негиздөөчүлөрдүн бири Топчубек Тургуналиев маалымат жыйынында билдирди.
-
19-февралда Кыргыздын Катардагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Нуран Ниязалиев кызматынан бошотулуп, тышкы иштер министринин биринчи орун басарлыгына дайындалды.
-
18-февраль күнү Марат Калиев "Милдеттүү медициналык камсыздандыруу" фондунун башчылыгынан кетүү арызын жазды. Ал 15-февралдагы өкмөт жыйынында жумуштагы кемчиликтери үчүн эскертүү алган.
-
Сюита Соурбаева Жогорку Соттун маалымат катчылык кызматынан өз каалоосу менен кеткенин билдирди. Ал КТРКнын директорлугуна талапкерлигин койгону белгилүү болду.
-
"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 6-мартка чейин Бишкекте дагы 9 көчөнүн кесилиштерине көзөмөл жабдыктары (камералар) орнотулат. Камераларды орнотуу 8-апрелде 11 кесилишке, 10-майда 8 көчө кесилиштерине орнотулат.
- Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту табып Хашим Зайналиевдин ишмердүүлүгүн мыйзамсыз деп таап, анын жеке медициналык дарылоо жүргүзүшүнө, лицензиясы жок дары-дармектерди колдонушуна тыюу салды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg