БИР БҮРКҮМ. ӨЛКӨДӨ ЖАЛПЫ ЭЛ КАТТОО ЖҮРГҮЗҮЛӨТ...

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

  • Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашева алимент төлөбөй жүргөндөрдүн чет мамлекетке чыгышына тыюу салууну сунуш кылды.
  • Франция кыргызстандык журналист Улугбек Бабакуловго саясий качкын макамын берди.
  • Түндүк-Түштүк альтернативдик жолунун курулушуна дагы 56 миллион доллар керек. Бул акчаны Транспорт жана жол министрлиги Кытайдын "Эксимбанкынан" грант түрүндө алууну көздөп жатат.
  • 2019-жылдын октябрынан тартып 1 жыл ичинде Кыргыз өлкөсүндө жалпы эл каттоо жүргүзүлөт. Улуттук статкомдун маалыматы боюнча бул жолу чет өлкөдө бир жылдан ашык жүргөн мигранттар эсепке алынбайт.
  • Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов турак жай үчүн алган 4 миллион 824 миң сом ссуданы Улуттук банкка кайра төлөп берет. Абдыгулов 2017-жылы вице-премьер-министр кызматына которулгандыгы жана 10 жылдык тажрыйбасы үчүн ал карыз кечип жиберилген эле.
  • 25-февралдан баштап Ош шаарында коомдук транспортто электрондук билеттерди кабыл алуучу автоматташтырылган систем ишке кирди.
  • "Ата Мекен" партиясынын юристтерине козголгон кылмыш иши кайра каралмай болду.
  • Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, 2018-жылдын 31-декабрына карата өлкөнүн мамлекеттик карызынын жалпы көлөмү 4 миллиард 464 миллион 350 миң долларды түздү.
  • Өлкө аймагындагы 31 калктуу конуштарга айыл макамын берүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 1-окууда колдоо тапты.
  • "Альфа Телекомдун" мурдагы кеңешчиси Алмазбек Абековдун жаза өтөө мөөнөтү 10 жылга кыскартылды. 2017-жылы Абеков Коррупциялык схемалар боюнча айыпталып 25 жылга эркиндигинен ажыратылган.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо