КЫРГЫЗ АКТЁРЛОРУ ТАРТЫЛГАН ОРУСИЯЛЫК СЕРИАЛ ФЕСТИВАЛГА КАТЫШАТ

№852 28-февраль - 6-март, 2019-жыл

Кыргыздын мигрант кызы тууралуу тартылган Сергей Дворцевойдун “Айка” тасмасы былтыр “Канн” кинофестивалында көрсөтүлүп, башкы каармандын ролун жараткан казак актрисасы Самал Еслямова “Аялдын мыкты ролу” наамын алган эле. Тасма тууралуу маалымат коомчулукка тараганда “эмнеге кыргыз мигрантынын оор турмушун тартышат?” деп нааразы болгондор чыккан. Ал эмес, өзүн патриотмун деген кыргыз жигиттер актрисанын дарегине жаман сөздөрдү айтып, коркутуп-үркүткөн учурлары маалым болгон. Эл арасында талкуу жараткан аталган тасма Бишкектеги кинотеатрлардын биринде учурда көрсөтүлүүдө.

“Айка” кыргыз жарандарынын оор турмушу тууралуу тартылган жалгыз тасма эмес. Жакында Орусиянын “Идентификация” деген 8 сериядан турган драмасы эл аралык “Series Mania” (ред.: сериалдар фестивалы) фестивалынын негизги сынагына катышары белгилүү болду. Сериалда кыргыз мигранттарынын тагдыры баш каарман Леранын образы аркылуу чагылдырылган.

Эсиңиздерде болсо, мындан эки жыл мурун Эрнест Абдыжапаров, Курал Чокоев, Анвар Осмоналиев, Мээрим Атантаева орусиялык сериалга тартылып келгени тууралуу жазганбыз. Сериалдын тартуу иштери эми аяктап, дүйнөлүк бет ачары 27-мартта Франциядагы Лилль шаарында өтмөкчү.

Акыркы мезгилде кыргыз мигранттарынын оор турмушу чет элдик режиссёрлордун көңүл борборунда болуп жаткандыгы кейитет.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(2)
05.03.2019. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башка мамлекеттин окулдору коруп жатышат. Биздикилердин козу корбой. Окмотту айтам.
05.03.2019. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайран кана эл,
Кайран кана мамлекет,
Кайран кана мурдуна бок суйколгон кыргыздар.
Тарткылыгын али да алдыда экен,
Белинди бек бууп туруп чыдагын,
Озундун зоокур уулдарына,
Озундун зоокур кыздарына!


Д.Садырбаев
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо