ӨКМӨТ БАШЧЫ ТҮРКИЯ МЕНЕН КЫТАЙДАН АЛДЫГА КЕТТИК ДЕП ЭСЕПТЕЙБИ?

№853 7-13-март, 2019-жыл

Бишкек шаарында “Аймактык өнүгүү боюнча улуттук диалог” деген аталышта конференция өттү. Ага президенттен тартып өлкөнүн булуң-бурчунан келген айыл өкмөт башчылары чогулуп, өлкөнүн жалпы көйгөйлөрү талкууланары айтылган. Бирок бул конференция диалог эмес, монолог форматына жакын болуп, делегаттар өлкө башчы менен өкмөт башчынын сөздөрүн угушту.

Өкмөт башчы өз сөзүндө аймактарды өнүктүрүш керек деп демилге көтөргөн президент Сооронбай Жээнбековду мактоого жетишти. “Орусия президенти аймактарды өнүктүрүү тууралуу ушул жылы гана сөз баштады. Казакстандын өлкө башчысы азыр гана бул маселени көтөрдү. Ал эми Сооронбай Шарипович премьер-министр болгон кезде, 3 жыл мурун эле бул ойду айткан. Биздин бактыбыз – биздин президент бул көйгөйдү түшүнүп жаткандыгы”,- деди Абылгазиев.

Эң кызыгы, өкмөт башчысы “Кытай менен Түркияда экономикалык көйгөйлөр болуп жатканда Кыргыз өлкөсүнүн экономикасы туруктуу өнүгүп жатат” деп өзү башкарып жаткан өкмөттүн ишине ыраазы болду. “Бул жылы өлкөнүн ИДПсынын көрсөткүчү 3,5 пайызга өстү. Бул атаандаш мамлекеттерге караганда кичинекей өзүнүн экономикасы менен, көбүнчө тышкы соода процесстерине көз каранды болгон мамлекетибиздин экономикасы туура өнүгүп баратканын билдирет. Башкаларга салыштырганда, мисалы, Түркия менен Кытайда кандай процесстер жүрүп жатат. Аларда экономикалык чоң көйгөйлөр бар. Аларда өсүш биздикиндей болгон жок. Кээ бирөөлөрү терс көрсөткүч менен жылды жыйынтыктады”,- деди премьер-министр.
Премьер-министр Абылгазиев экономикасы өнүкпөдү деген Кытайдын ИДПсы 2018-жылы 6,6 пайызга өскөнүн эстен чыгарып койду көрүнөт.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -6 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо