БИР БҮРКҮМ. АР БИР ТӨРТҮНЧҮ БАЛА НИКЕСИЗ ЖАРЫККА КЕЛЕТ

№853 7-13-март, 2019-жыл

  • КТРКнын башкы директорлугуна Жайнак Үсөн уулу шайланды. Ал буга чейин НТС телеканалын жетектеп келген.
  • Улукбек Самыйбеков премьер-министрдин буйругу менен Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
  • Жогорку Кеңештин мурдагы төрагаларынын консультациялык кеңеши түзүлдү. Төрагалыкка Медеткан Шеримкулов, Аткаруу комитетине башчы болуп Акматбек Келдибеков шайланды.
  • Өлкөдөгү 7 облус, 35 шаар, 40 район башчысынын баары эркек.
  • Кыргызстандын ички аскерлер түзүмүн Исламбек Кенжекулов жетектейт. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
  • Жогорку Сот саясатчы Садыр Жапаровдун ишин кайра кароону 23-апрелге белгиледи.
  • 4-марттан тартып жол эрежелерин бузган жеке жана юридикалык жактар бирдей өлчөмдө айып пул төлөйт.
  • Парламент комитетинде Германиянын Кыргыз мамлекетине 40,1 миллион евро өлчөмүндө гранттык каражат берүүсүнө багытталган мыйзам долбоору жактырылды.
  • Кыргызстанда акыркы жылдары ар бир төртүнчү бала никесиз жарыкка келет. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин "Кыргызстандагы эркектер менен аялдар" аттуу маалыматында айтылат.
  • Айыл чарба тармагына бир жылда 1 миллиард 700 миллион сом бөлүнөт.
  • Мирослав Ниязов Кыргыздын Ооганстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.
  • Кыргыз өлкөсүнүн Бельгиядагы элчиси болуп Муктар Жумалиев дайындалды.
  • Президенттин жарлыгына ылайык, Мирлан Арстанбаев Кыргыздын Япониядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо