КСДПга БИЙЛИК ТАРАБЫНАН КЫСЫМ БОЛУП ЖАТКАНЫ ТАСТЫКТАЛДЫ

№854 14-20-март, 2019-жыл

Кыргызстан социал-демократиялык партиясына бийлик тарабынан кысым болуп жатканы буга чейин сөз жүзүндө айтылып келсе, эми далилдүү фактылар ачыктала баштады. УКМКнын Жети-Өгүз райондук бөлүмүнүн башчысы Таабалдиевдин ушул эле райондогу паспорт столунун жетекчисине жазган катынын көчүрмөсүн КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева жарыялады. Бул катта Табалдиев каттоо мекемесинен 18 адам жөнүндө чукул арада маалымат жөнөтүшүн талап кылган. Катта көрсөтүлгөн жарандар КСДПнын Ысык-Көл облустук конференциясына Жети-Өгүз районунан катыша турган делегаттары экени айтылды.

Жолдубаева “делегаттар тууралуу мындай маалыматтар укук коргоо органдары тарабынан Ысык-Көл облусунун башка райондорунда да чогултулуп жатат” дейт. Аталган партия УКМКнын бул аракетин КСДПнын 18-съездин өткөрүүнү үзгүлтүккө учуратуу жана кысым катары кабыл аларын жарыя кылды.

УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов окуя боюнча ички иликтөө башталганын билдирди.

Эскерте кетсек, 6-апрелде КСДП Бишкекте партиянын республикалык курултайын өткөрмөкчү.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо