БИР БҮРКҮМ. КАРГАНБЕК САМАКОВ АБАКТАН ЧЫКТЫ...

№854 14-20-март, 2019-жыл

  • Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары болуп Нуржигит Кадырбеков дайындалды. Бул жигит президенттин жердеши экени талкууланууда.
  • 2018-жылдын 12 айында Кыргызстанга 569 миллион 790,5 миң доллар өлчөмүндө инвестиция тартылып келсе, 523 миллион 190,7 миң доллар өлчөмүндөгү инвестиция чыгып кеткен.
  • Кыргыз өлкөсүнүн Беларустагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев ээлеген кызматынан бошотулуп, Кыргыз өлкөсүнүн Түркиядагы элчиси болуп дайындалды.
  • Кытайдын Кыргызстандагы элчиси болуп Ду Дэвэнь дайындалды.
  • 2019-жылдын январь-февраль айларындагы республикалык бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 16 миллиард 250 миллион сомду, ал эми чыгымдар 15 миллиард 259 миллион сомду түздү.
  • Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы бардык диний уюмдардагы иш-кагаздарды жана жума кутпаларын кыргыз тилинде жүргүзүү, зарыл учурда орус кошуу тууралуу буйрук чыгарды.
  • Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик мүлк фондунун мурдагы жетекчиси, абакта жаткан Болсунбек Казаковду үй камагына чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алды.
  • Экс-депутат Карганбек Самаков абактан чыкты. Жыл башында күчүнө кирген жаңы кодекске ылайык, анын иши кайра каралып, жатак абагына которулду.
  • 2019-жылдын январь айында Кыргызстандын тышкы соода жүгүртүүсү 457 миллион долларды түздү. Бул көрсөткүч өткөн жылдын январь айына салыштырмалуу 8,4%га төмөн.
  • "Кырк чоро" коомдук бирикмесинин лидери Замирбек Көчөрбаевге Кылмыш-жаза кодексинин 119-беренесинин негизинде "Бейбаштык" боюнча кылмыш иши ачылды.

Кубан Жумамидинов
politika
@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо