ЖАКТООЧУЛАР СУРАНАТ: БИШКЕК ЖЭБин ЖАҢЫЛОО ИШИ БОЮНЧА СОТ АЧЫК ӨТСҮН

№855 21-27-март, 2019-жыл

Бишкек ЖЭБин жаңылоодо коррупция боюнча айыпталып жаткандардын жактоочулары соттук отурумдар ачык жана акыйкат өтүүсүн камсыздоо өтүнүчү менен Жогорку Соттун төрайымына кайрылышты. Бул тууралуу айыпталуучу, мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов маалымдады.

Ал соттук алдын ала уктуруулар аяктады, эми соттук отурумдар башталат дейт. Бишкектин Свердлов райондук сотундагы отурум өткөн зал тар болгондуктан, ага жактоочулар менен күзөт кызматы эле батат. Бул абал соттук отурумдун ачык өтүүсүн камсыздабай жатат.

"Эгер сот залына жалпыга маалымдоо каражаттары менен айыпталуучулардын туугандарын киргизсек, зал адамга толуп калат да, тыгылыштан жактоочулар иштей албай калып жатабыз. Жактоочулар бул ишти кененирээк залда кароону өтүнөт. Процесстин жабык өтүүсү – такталбаган маалыматтардын жана коомчулукта туура эмес пикирлердин тарашына шарт түзөт. Эгер мамлекеттик айыптоочулар өздөрү коюп жаткан күнөөгө ишенсе, анда алар муну далилдөө үчүн соттук процесстердин ачык болушуна, жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, айыптоочулардын туугандары баткан залда өткөрүүгө кызыкдар болушу керек",- дешет жактоочулар.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо