ФАРИД НИЯЗОВ АТАМБАЕВДИ ЖАРАТМАН ЛИДЕР АТАДЫ

№856 28-март - 3-апрель, 2019-жыл

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Фарид Ниязов Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков Атамбаевдин дарегине айткан сынга жооп кайтарды. Бул тууралуу КСДПнын басма сөз кызматы билдирди.

Ниязов Дастан Жумабековдун айыптоолорун жалган деп баалап, Атамбаевдин президенттик башкаруусундагы жетишкендиктерди санап берди:

“20-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында Атамбаевдин дарегине далилсиз айыптоолор айтылды. Сиз айтып жаткан “фейк” маалыматка өзүңүз ишенбей жаткандай сезилдиңиз. 17-мартта экс-президенттин парламент тууралуу билдирүүсүнөн кийин аргасыздан айтылган жооп экени көрүнүп турат. Тарыхчылар жана саясат таануучулар билдиргендей, Алмазбек Атамбаев да Кыргыз мамлекетинде жаратман лидерлердин катарында калат. Анын Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүгүнүн негизин бекемдөөгө кошкон эмгеги бааланат",- деп жазылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 17-мартта Аксы окуясында каза тапкандарды эскерүү митингинде экс-президент Атамбаев учурдагы парламентти “чимкирик парламент” деп сындаган. Буга Жогорку Кеңештин төрагасы "Сиздин ачуу эмоцияга алдырып айткан сөздөрүңүздү коррупцияга шектелген жакын адамдарыңызды актоого аракет деп баалайбыз. Бирок мыйзам алдында баары бирдей экенин унутпаңыз",- деп жооп узаткан.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо