-

Президенттик аппараттын мурдагы башчысы, саясатчы Эмилбек Каптагаев
Бишкектин аталышын Манас деп өзгөртүүнү сунуштады.
-
Бишкек шаарындагы «Бийликти узурпациялоо жана анын кесепеттери» аттуу жыйынга чогулгандар экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийлигин сынга алып, аны кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты.
-
Финансы полициясы Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун мүлкүн 3 айдан бери текшерип бүтө элек.
-
24-мартта экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева Өзбек президентинин аялы Зироатхан Мирзийоеванын чакыруусу менен Ташкентке барды.
-
Балдарды чет жакка алып чыгууда алардын баарына милдеттүү түрдө жалпы жарандык паспорт (чет элдик паспорт) алуу талап кылынат.
-
Бишкек мэриясы апрелде таштандыларды кайра иштетүүчү заводдун курулушуна тендер жарыялайт. Бул тууралуу «Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынан билдиришти.
-
Жогорку сот камактагы саясатчы Эрнест Карыбековдун өтүнүчүн карап, жаза мөөнөтүн 14 жылдан 11 жылга кыскартты. Ал 2016-жылдын март айында, "бийликти басып алууга аракеттенген" деген айып менен кармалган.
-
"Комсомольская правда" гезитинин журналисти Дмитрий Смирнов Орусия президенти Владимир Путиндин келишине карата Кыргыз тараптын журналисттерге түзгөн шартын сынга алды.
-
Ош-Баткен-Исфана жолун кургандар маяна берилбей жатканын айтып даттанышты.
-
Ош шаарындагы жеке менчик кеңселердин бирине уурулукка кирип, жалпы суммасы 4 миллион 706 миң сом акчаны уурдап кетишкен жарандар кармалды.
-
Бишкек шаарынын вице-мэри Уланбек Азыгалиев Кара-Көл көчөсүн кеңейтүү үчүн Ботаникалык бактан дарактар кыйыларын маалымдады.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg