“МЕКЕНЧИЛ” ЖАНА “АТА МЕКЕН” ПАРТИЯЛАРЫ АДИЛЕТТҮҮЛҮК ҮЧҮН ЖҮРҮШКӨ ЧАКЫРАТ

№857 4-10-апрель, 2019-жыл

Садыр Жапаров, Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана башка адилетсиз, мыйзамсыз, жалган жалаа менен камакта жатышкан саясатчыларды боштондукка чыгаруу талабы менен “Мекенчил” партиясы, “Ата Мекен” партиясы жана Мекенчил күчтөр 23-апрель күнү эртең мененки саат 8:00дө Жогорку Соттун имаратынын алдына чогулабыз деген чечим кабыл алып, элге билдирүү таратты.

– Урматтуу кыргызстандыктар! Жалпы эл түп көтөрүлүп өлкөбүздө адилеттүүлүк, мыйзамдуулук орношун камсыз кылбасак, эртең ар бирибиз же балдарыбыз, небере-чөбүрөлөрүбүз жалган жалаа менен камакта жаткан саясатчылардын тагдырын кайталап калбашына эч кандай кепилдик жок. Ошондуктан кары-жаш, улуу-кичүү, эже-карындаштар жана башка бардык саясий күчтөрдү чогулууга чакырабыз. Улуу Мустафа Кемаль Ататүрктүн айтып кеткен сөзү бар "Көпкө уктап жаткан эл жок болот же кул болуп ойгонот" деген. Анын сыңарындай кайдыгер болбой адилеттүүлүктү, мыйзамдуулукту орнотуу үчүн чогулушка келип кошулуңуздар,- деп жазылат билдирүүдө.

Чогулушту Жогорку Кеңештин депутаттары, белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер жетектешет. Эске салсак, 23-апрелде Садыр Жапаров менен Өмүрбек Текебаевдин иштери Жогорку Сотто каралат.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо