БИР БҮРКҮМ. АСЫЛБЕК ЖЭЭНБЕКОВ КСДПдан ЧЫКТЫ...

№857 4-10-апрель, 2019-жыл

  • Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү Абиш Халмурзаев кызматтан бошотулду.
  • Өкмөттүн Баткендеги ыйгарым укуктуу өкүлү болуп 2017-жылдын сентябрь айынан бери Мамлекеттик кадр кызматынын директору болуп иштеп келген Акрам Мадумаров дайындалды.
  • Асылбек Жээнбеков КСДПдан чыкты. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында айтып, депутаттык мандатын тапшырбай турганын кошумчалады.
  • Президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.
  • «Мансон Групп» компаниясы Макмал алтын кенин иштетүүгө 75 миллион долларга жакын инвестиция салат. Келишимге ылайык, «Кыргызалтындын» үлүшү 30%ды түзөт, ал эми «Мансон Групптун» үлүшү 70% болот.
  • Эл аралык республикалык институт жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгында, Кыргызстандын алдында турган эң орчундуу көйгөй – жумушсуздук (43%) деп табылды.
  • Бишкектин Свердлов райондук соту ЖЭБдеги коррупция боюнча кылмыш ишин кароого кенен зал бөлүүдөн баш тартты.
  • "Ош" эл аралык аэропортунун учуп-конуу тилкеси 400 метрге узартылды. Эми "Ош" аэропорту Boeing 767-300, Boeing 737-800, Airbus A320 учактарын кабыл ала алат.
  • Өзгөчө кырдаалдар министри кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууга 200 миң доллар коротот.
  • Кыргыз-Орус аймак аралык VIII ишкерлик конференциясында жалпы баасы 620,16 миллион долларды түзгөн соода алакасы тууралуу келишимдерге кол коюлду.
  • 3-апрелде Алматынын райондор аралык сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун прокурор 12 жылга эркинен ажыратууну сурады.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо