КЫРГЫЗ ФУТБОЛ ФЕДЕРАЦИЯСЫ КЫРГЫЗ ФУТБОЛУНА СОККУ УРДУ

№858 11-17-апрель, 2019-жыл

Кыргызстандын Футбол федерациясынын мурдагы президенти Семетей Султанов Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине койгон талапкерлигин азыркы жетекчилик артка кайтарып алганын билдирди. Бул тууралуу Султанов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды:

"Урматтуу достор! Азия футбол конфедерациясынын вице-президенттигине талапкерлигимди Футбол федерациясы чакыртып алганын күтүүсүз жерден билип калдым. Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын президенти катары кыргыз футболун эл аралык аренада өнүктүрүү максатын койгон элем. Тилекке каршы, кыргыз футболун мындан ары өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү колдон чыгып кеткенине өтө өкүнүчтөмүн",- деп жазылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясынын басма сөз кызматы мындай чечимди Султановдун учурда федерацияга тиешеси жоктугуна шылтады. Семетей Султанов федерацияга азыркы учурда тишеси жок болсо дагы, Азия конфедерациясында иштесе кыргыз футболуна зыян эмес, пайда алып келери анык иш эле.

Султанов федерациянын президенти болгон учурда Кыргыз футболу жаңы деңгээлге чыкты. Анын тушунда улуттук курама команда дүйнөлүк рейтингде 196-орундан 91-орунга чейин көтөрүлгөн. Ал эми 2018-жылдын март айындагы жыйынтыгы менен курама команда 75-сапка чейин көтөрүлгөн. Ошондой эле Кыргыз курамасы алгачкы жолу Азия Кубогунун финалдык баскычында оюн көргөзгөнү Кыргыз футболунун тарыхына айланган.

Семетей Султанов экс-президент Алмазбек Атамбаевдин күйөө баласы экендигин эске алганда, Кыргыз футбол федерациясы бийликке жагынуу аракетинде мамлекеттин кызыкчылыгына каршы чечим кабыл алды деп түшүнүүгө болот.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо