№859 18-24-апрель, 2019-жыл
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 100дөн ашык курулуш компаниялары көп кабаттуу үйлөрдү салып жатышат. Алардын арасында мыйзамсыз курулуп жаткандары да арбын. Жаңы курулуп жаткан үйлөрдөн батир алууда эмнелерди эске алуу керек? Сизге юрист Памир Суранбаев кеңеш берет. Адистин кеңештери сиздин убактыңызды гана эмес, акчаңызды, нервиңизди да үнөмдөйт.
КУРУЛУШ КОМПАНИЯСЫН ТАНДОО, МААЛЫМАТ ЧОГУЛТУУ
БААЛАРЫН САЛЫШТЫРУУ
Батирдин чарчы метринин баасын, эгер аны ипотекага ала турган болсоңуз пайыздык көрсөткүчтөрүн салыштырыңыз.
ИНФРАСТРУКТУРА
Курулуп жаткан үйдүн жайгашкан жерин, долбоордун инфраструктурасын, тактап айтканда, жакын жерде бала бакча, мектеп, соода борборлору, ресторан, фитнес клуб жана башка сизге керектүү объекттер барбы, транспорт каттамдары кандай, баарын эске алыңыз.ДОКУМЕНТТЕРДИН ТУУРАЛЫГЫН ТЕКШЕРҮҮ
КЕЛИШИМ ТҮЗҮҮ
Тандаган компанияңыздын бардык документтери жайында экенине көзүңүз жеткен соң гана келишим түзүңүз. Келишим эки нускада түзүлүп, компаниянын мөөрү басылып, бири сизге берилиши шарт. Мындан кийин гана сиз салынып жаткан турак жайдын үлүшүнө ээ болуу (дольщик) укугун аласыз. Мындай укук алган жаран үй салынып бүткөн соң гана үлүшүнө ээ боло алат. Эгер компания сатып алуунун мындан башка жолдорун сунуштаса баш тартыңыз. Алданып калуу коркунучу жогору. КАРАЖАТ ТӨЛӨӨ
Батир үчүн төлөмдү сатуучунун колуна эмес, касса аркылуу жүргүзүңүз да, дүмүрчөк жана чек талап кылып, аларды сактап коюңуз. Түшүнүк кат жаздырып алуу жана төлөөнүн башка жолдору бул учурда жарабайт.КУРУЛУШТУН САПАТЫН ТЕКШЕРҮҮ
Объектке барып көз сала жүрүңүз. Эгер курулуш иштери токтоп калса, кошумча келишимдерге кол коюуну сунуштагандар чыгышы мүмкүн. Кол койбоңуз. Муну компаниянын келишимдеги шарттарды так аткарбагандыгы үчүн төлөнүүчү айып пулдардан качкандыгы деп билиңиз.
БАТИРДИ ӨТКӨРҮП АЛУУ
Дамира Арстанова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |