-
Мирлан Тургунбеков УКМКнын төрагасынын орун басары — УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.
-
2019-жылдын башынан бери 25 чет элдик жаран Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн.
-
Бишкек мэриясы Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровдун кылмыш иши кайра карала турган күнү тарапташтарына митинг өткөрүүгө уруксат берди.
-
1782 кыргыз жараны учурда чет өлкөлөрдө жазасын өтөп, абакта жатышат.
-
Кыргызстанда туристтик паспорт киргизилет. Бул тууралуу Туризм департаментинин директору Максат Дамир уулу билдирди.
-
2018-жылы Кыргызстанга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан 6 миллион 950 миң киши келген, алардын ичинен 3 миллиону турист.
-
Бишкектеги Тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майданды реконструкциялоонун жүрүшүндө мамлекетке 247 миллион сом зыян келтирилген.
-
15-апрелден тарта Бишкек шаары жана Чүй облусунун аймагында "Коопсуз шаар" долбоорунун жаңы 16 камерасы ишке киргизилди.
-
Депутаттын "Антикоррупциялык кызматтын президенттин указы менен түзүлгөнү мыйзамдуу болгонбу?" деген суроосуна баш прокурор Өткүрбек Жамшитов жооп бере албай койду.
-
Башкы прокуратура тарабынан 2018-жылы экстремисттик жана террордук маалыматтарды тараткан деп 139 интернет сайты жабылды.
-
2019-жылдын февралында мамлекеттик карызды тейлөөгө республикалык бюджеттен 1 миллиард 458 миллион сом сарпталды.
-
2018-жылы Орусиянын аймагынан Кыргыз жарандары тарабынан ташталган 75 ымыркай алып келинген. Бул тууралуу парламент комитетинин жыйынында депутат Таабалды Тиллаев билдирди.
- Азиз Батукаевдин иши кайра каралып баштады. Бул тууралуу башкы прокурор билдирди. 2013-жылы сот Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.
Кубан Жумамидинов
politika@super.kg