№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл

ТӨКМӨ АКЫН ЖЕҢИШБЕК ЖУМАКАДЫР ТУН КЫЗЫН ТУРМУШКА УЗАТТЫ

  1. 20-апрелде борбор калаабыздагы ресторандардын биринде Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тун кызы Кереметти турмушка узатып, күйөө балалуу болду. Жеңишбек мырза кызы менен күйөө баласына бата алуу үчүн 500дөн ашуун конок чакырган экен. Тойго акындар, ишкерлер, ырчылар жана башка белгилүү инсандар, ошондой эле акындын жакындары, кудалары келишти. Төкмө акындын алгачкы жакшылыгына биз дагы барып, тойдогу кызыктуу учурларды «илип» келдик.

  2. Тойду «Баягылар» тобунун мырзалары ачып беришти. Алар той башында той ээлерин эл алдына чакырышты. Андан соң ырчы Асел Турдалиева күндүн күнөөкөрүн эл алдына алып чыкты.

  3. Солдон оңго: Жеңишбек мырзанын кудасы, апасы, кудагыйы жана жубайы Нургүл айым.

  4. Күйөө бала эстүү көрүнөт. Достору менен ала келген букеттерди чоң кайненесине, өз кайненесине жана апасына тапшырып көңүлдөрүн жибитти. Өз кезегинде турмуш жолуна аттанып жаткан Керемет дагы кайненесине жана апасына гүл белек кылды

  5. Ак таңдай акындар Замирбек Үсөнбаев, Аалы Туткучев жана Азамат Болгонбаев апкаарып турган автомат акынга ыр менен куттук айтышып, коноктордун көңүлүн көтөрүштү. Айтмакчы, Аалы той ээсинин 33 өкүл баласынын бири экенин да айта кетти.

  6. Бата кезеги досторуна келгенде аттуу-баштуу инсандардын баары чыгышты. Бир кездери Жеңишбек Жумакадыр менен Москвада чогуу окуган курсташтары, азыркы аттын кашкасындай таанымал актёрлор: «Биздин жол башчыбыз Жеңишбек. Баарыбыздан биринчи болуп үйлөнгөн, кыздуу болгон. Эми баарыбыздан биринчи кызын күйөөгө узатып, жакшылыкка жол ачып берди. Кереметти биз эле көтөрүп жүрүп чоңойтконбуз»,- деп сыймыктана сөз сүйлөшүп, баталарын беришти.

  7. «Нянёктордон» соң сөз алган режиссёр Рысбек Жабиров: «Жеңишбек экөөбүздүн көп жерибиз окшош экен. Биринчиси – сен дагы жаш кезиңде мага окшоп «красавчик» болгон окшойсуң, жубайың Нургүл өзү ээрчип келип тийип алган экен. Аяшың дагы ошенткен болчу. Экинчи окшоштугубуз – мен дагы улуу кызымды Таласка бергем. Бир гана жерибиз окшош эмес, менин чачым бар, сеники жок. Себеби сенин аялың саячка»,- деп элди күлдүрдү.

  8. «Фото кылтак». Данияр Эрматов быйыл «точно» үйлөнөт окшойт, тойдо бир сулуу бийкечти жандап отурду. Ал эми Кубаныч Ажыбаев сулууларга суктанып жатабы же ырдай турган кезегин күтүүдөбү, айтор, көзү кылгырат...

  9. Андан соң Жеңишбек Жумакадырдын уулу «Бир тууганым» деген ырды аткарды. Бул учурда акындын бардык балдары ортого чыгып, эжесине жакшы каалоо-тилектерин айтышып, элди жашытты.

  10. Той соңунда Гүлзат Байзакова эки жашты ыр менен узатты. Андан соң тойго келген коноктор ыраазы боло үйлөрүнө тарашты.


  11. Блиц-маек

    Жеңишбек Жумакадыр:
    «КУДАЛАРГА КЫЗЫМДЫ ЖЕТЕЛЕП КЕЛГЕН МААЛДА КӨЗҮМӨ ЖАШ ТЕГЕРЕНИП, ТОЛКУНДАНЫП, ИЧИМ АЧЫШТЫ»


    Бир чети кызын узатып ичи ачышып, бир чети «келген коноктор жакшы отурушабы?» деп түпөйүл тартып турган той ээси Жеңишбек Жумакадырды антракт учурунда кепке тарттык:

    – Жеңишбек мырза, тоюңуздар кут болсун! Аймончоктой кызыңызды турмуш жолуна узатып, толкунданып жатасызбы?

    – Рахмат! Толкундануу абдан күчтүү болуп жатат. 3 күндөн бери кызыбызды бактылуу болсун деп турмуш жолуна узатып жатабыз. Ырдап, сүйлөп жүргөн киши болсом деле айтарга сөз таппай жатам. Өзүңүздөр көргөндөй, киши көп келди. Ошолордун батасы тийип, эң негизгиси, эки жаш бактылуу болсун деп турабыз.

    – Кызыңыз Керемет тууралуу айта кетсеңиз.
    – 5 баламдын улуусу Керемет. Андан кийин 17-18 жаштагы 2 кызым бар, 11 жана 4 жаштагы 2 уулубуз бар. Керемет Ататүрк-Ала-Тоо университетинин англис тилинен синхрондуу которуу бөлүмү боюнча билим алып жатат. Буюрса, быйыл аяктайт. Керемет окуу менен бирге ишти айкалыштырып, жергиликтүү радиолордун биринде иштеп жүрдү. 4 тилде эркин сүйлөйт.

    – Кызыңыз кечээ эле төрөлүп жаткандай болуп жатабы?
    – Керемет Москва шаарында, биз студент кезде төрөлгөн. Өзүм багып, сүт, памперс ташып метродо жүргөн кездерди эстеп күлүп жатабыз. Баары кечээ эле болгондой. Бүгүн болсо минтип турмушка чыгып, сүйүнтүп жатат.

    – Залда отурган курсташтарыңыздын көбү кыргыз элине таанымал актёрлор экен. Алар «Кереметти биз бакканбыз» деп бир ооздон сыймыктанып айтып жатышат...
    – Мен актёрлукту бүткөм да. Атактуу актёрлордун баары студент кезде Москвада Кереметти көтөрүп, бул жакка келгенде да багып жүрүштү. Алар да менден өтүп сүйүнүп, толкунданып жатышат.

    – Кыз бала атасына жакын болот дешет...
    – Кызым мага жакын чоңойду. Досторумдун баары кызын турмушка бергенде ыйлашкан. Анан азыр баары мени карап жатышат. «Сен качан ыйлайсың дешип. «Мен ыйлабайм» деп өзүмдү карманып жатам.
    Кечээ кудаларга кызымды жетелеп келген маалда көзүмө жаш тегеренип, толкунданып, ичим ачышты. Башка бирөөлөрдүкү көзүңө оңой көрүнөт да. Ал эми өзүңдүн башыңа келгенде башкача сезимдер болот экен.

    – Күйөө балаңызды мурда таанычу белеңиз?
    – Күйөө балам Арген Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Кызыл- Октябрь айылынан болот. Ал дагы үйдүн улуусу экен. Мурда сыртынан таанычумун. Кийин кудалар архивди казышып, күйөө баламдын кичинекей кезинде мени менен түшкөн сүрөтүн таап чыгышты. «Тагдыр мурда эле бизди байлап койгон окшойт» деп айтып жатам. Арген Түркия, Египеттен билим алган, чет тилдерде эркин сүйлөйт. Кызым менен күйөө балам өткөн жылдын ноябрь айында таанышыптыр. Аларды сабак берген мугалимдери тааныштырган экен. Кийин кызым биз менен тааныштырды.

    – Азыр көпчүлүк эле ата-энелер калың алып, сеп бербей, анын ордуна жаштарга белек берип калышпадыбы. Сиздерде кандай болду?
    – Аралаш болду десек болот. Ырым кылып кыргыздын салты менен калың алып, сеп бердик. Бирок соодалашкан жокпуз.

    – Кызыңыз бактылуу болсун!


  12. Асхат Субанбеков
    star@super.kg


Төкмө акын Жеңишбек Жумакадыр тун кызын турмушка узатты

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(5)
29.04.2019. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Озу "ысырапкорчулук" деген посторду катарма катар жазатда, анан кайра дунгуротуп той бериптирго))
А так тушунобуз. Бул агабызда барып жургонда. Эми ошолор кайра келип отуруп
500го жетиптирда)
Бактылуу болушсун!
29.04.2019. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
tavanova.sarah,тойду бул киши берген жок да, болгону кызын узатты.
30.04.2019. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-7
tavanova.sarah,Сенин ишин эмне?
SIMA_kg түзөттү 2019-04-30 01:18:44
30.04.2019. 01:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
бактылуу болунуздар
01.05.2019. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо