СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВДУН АЛГАЧКЫ ЖЕҢИШИ: КЫРГЫЗ ӨЛКӨСҮ СӨЗ ЭРКИНДИГИНИН КӨРСӨТКҮЧҮ БОЮНЧА 15 ТЕПКИЧКЕ АЛДЫГА ЖЫЛДЫ

№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл

Эл аралык «Чек арасыз репортёрлор» укук коргоочу уюму Сөз эркиндигинин индексин (2019 World Press Freedom Index) жарыялады. Аталган уюм бул көрсөткүчтү 2002-жылдан бери жыл сайын түзүп келет.

Соңку рейтингде Кыргыз өлкөсүнүн сөз эркиндигинин абалы 15 позицияга жакшырган. Тагыраагы, 180 мамлекет бар тизмеден 83-катарды ээлеген. Ага чейин 98-орунда болчу. Отчётту түзгөндөрдүн айтымында, Кыргыз өлкөсүндө абал жакшырууда, бирок мындан да жакшыртса болот.
ЕАЭБ боюнча карасак:

  • Армения – 61;
  • Кыргыз Республикасы83;
  • Орусия – 149;
  • Беларусь – 153;
  • Казакстан – 158.

Ал эми коңшу жайгашкан өлкөлөрдү алсак:

  • Өзбекстан – 160;
  • Тажикстан – 161;
  • Кытай177.

Рейтингде алдыңкы үчилтикти түзгөн өлкөлөр:

  • Норвегия;
  • Финляндия;
  • Швеция.

Эң төмөнкү үчилтикте:

  • Эритрея;
  • Түндүк Корея;
  • Түркмөнстан.

Кыргыз өлкөсүнүн эгемен тарыхын карай турган болсок, ар бир бийлик жаңы келген учурда алгачкы айлар же жылдарда сөз эркиндигинин абалы жакшырып калышы – бул кадыресе көрүнүш. Ошондой эле андай кырдаал канчага чейин сакталары белгисиз.
Алмазбек Атамбаевдин президенттик башкаруусунун акыркы жылында ага чейинки жылдарга салыштырмалуу сөз эркиндигине карата басым күчөгөн. Сооронбай Жээнбековдун бийлигинин тушунда басым азайганы менен, Атамбаевге караштуу оппозициялык «Апрель» телеканалы учурда соттук териштирүүлөрдү башынан өткөрүп жаткан кези.
Ошондой эле оппозициялык «Супер-Инфо» гезитине 2019-жылдын февраль айында Финпол тарабынан басым болуп, бирок сот аталган кызматтын аракеттерин мыйзамсыз деп тапты.
Сооронбай Жээнбековдун бир жарым жылдык башкаруусундагы сөз эркиндигинин көрсөткүчүнүн 15 тепкичке алдыга жылышын анын алгачкы жеңиши десе болот. Анткени башка тармактар боюнча эл аралык уюмдар чыгарган рейтингдер көңүл жылытарлык эмес: коррупция боюнча жылыш жок, чет жерден келген инвестициялар кыскарууда, мигранттар которгон акча каражатына болгон өлкөнүн көз карандылыгы өсүүдө.
Эске салсак, президенттин маалыматтык саясатын Толгонай Стамалиева жүргүзөт.


Эльвира Караева
super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо