БИР БҮРКҮМ. УКТАГАН ГУБЕРНАТОРЛОРДУ КЕТИРҮҮ ТАЛАБЫ КОЮЛДУ...

№860 25-апрель - 1-май, 2019-жыл

  • Каныбек Ботобаев өкмөттүк аппараттын жетекчисинин биринчи орун басары – өкмөттүн чек ара маселеси боюнча атайын өкүлү кызматына дайындалды.
  • Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов көк бөрүнү жана башка жалпы улуттук оюндарды түрк элдеринин атынан ЮНЕСКОнун маданий мурастарынын тизмесине киргизүүнү сунуш кылды.
  • Кыргызстанга чет элден келип иштеген мигранттарга патент системин киргизиш үчүн мыйзам долбоору даярдалды.
  • Кыргызстанда акыркы 10 жылдан бери жайыт жерлердин аянты 167 миң гектарга кыскарды. Бул тууралуу жайыт, мал жана балык чарбасы департаментинен билдиришти.
  • Ош шаарында Кытай өкмөтү курган шаардык оорукана пайдаланууга берилди.
  • Казакстанда бийликтеги "Нур Отан" партиясы 2019-жылы өтө турган президенттик шайлоого талапкерин көрсөттү. Мурдагы өлкө башчы Нурсултан Назарбаев президенттикке Касым-Жомарт Токаевдин талапкерлигин сунуштады.
  • Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулун Казак соту 10 жылга эркинен ажыратып, жаза убактысы бүткөндөн кийин Казакстандан чыгарып салуу чечимин чыгарды.
  • Акимдердин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке жөнөтүлдү.
  • Алтынбек Сулайманов премьер Абылгазиевге "Президент сүйлөп жатканда уйкусурап отурган губернаторлорду кызматтан кетириңиз" деди.
  • Быйыл 3 айда мыйзамсыз жүгүртүүдөн 800 килограммга жакын баңгизат алынды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
  • Бишкекке Кытай мамлекетинен газ менен жүргөн 60 автобус алынып келип, пайдаланууга берилди.



Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо