ЖАЛИЛ АТАМБАЕВ ЖУРНАЛИСТТИ 50 МИЛЛИОН СОМГО СОТКО БЕРДИ

№861 2-8-май, 2019-жыл

Милициянын отставкадагы полковниги, жеке ишкер Жалил Атамбаев «Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковдун үстүнөн Ош шаардык сотуна кайрылып, 50 миллион сом өлчөмүндөгү моралдык доо акы өндүрүп берүүнү суранды.

Эки апта мурун журналист салыктардан качкан ишкерлер туурасында «Ош: салыктан буйтаган ишкерлер» деген аталышта иликтөө жарыялаган. Анда көмүскө экономиканын натыйжасында, жылына Кыргыз Республикасынын казынасына 40 миллиарддай сом түшпөй калып жатканы айтылат. Иликтөөдө салык төлөбөгөн ишкерлер туурасында сөз болуп, милициянын отставкадагы полковниги Жалил Атамбаевге байланыштуу бизнестер жана салыктан качуунун күмөндүү схемалары баяндалган. Иликтөө жарыяланган соң Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат "текшерүү иштерин баштадык" деп жарыялаган.

Иликтөөдө сөз болгон ишкер Жалил Атамбаев журналист Исаков менен кошо видео иликтөөдө ал схемалар тууралуу маалымат берген Мирлан Маматовду жана Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан 5 миллион сом өндүрүүнү суранган.

Эл арасында Жалил Атамбаев Оштогу эң бай адамдардын бири экени айтылып келет. Муну менен катар ал интернетке тарап кеткен чуулгандуу видео аркылуу да белгилүү. Анда коомчулукта “Салим байбача” деген ат менен таанымал, тастыкталбаган маалыматтар боюнча, Өзбекстандагы кримтөбөл катары айтылып жүргөн Салим Абдувалиев менен ишкер Жалил Атамбаев жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Нургазы Айдаров тартылган. Тасмадан Жалил Атамбаевдин "Сооронбай Жээнбеков – биздин президент" дегенин, Салим Абдувалиевди "кыргыздын тиреги" деп айткандарын угууга болот.

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -4 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо