“АК ИЛБИРС” УЛУТТУК КИНОСЫЙЛЫГЫНДА “ДАРАК ЫРЫ” ТРИУМФ ЖАРАТТЫ

№861 2-8-май, 2019-жыл

26-апрелде борбор калаабызда кыргыз киносундагы эң беделдүү “Ак илбирс” сыйлыгын тапшыруу аземи 8-ирет өткөрүлдү. Аталган сыйлык тапшырууда Кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы, кинорежиссёр Айбек Дайырбековдун "Дарак ыры" тасмасы триумф жаратып, 8 алтын статуэткага ээ болду. Аталган тасма "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында "мыкты тасма", "мыкты режиссёр", "мыкты сценарий", "мыкты монтажёр", "мыкты үн режиссёру", "мыкты сүрөтчү", "мыкты композитор" жана "мыкты актриса" наамдарын багындырды.

Эске салсак, бул жылы сыйлык үчүн толук метраждуу тасмалардан “Дарак ыры”, “Такебай”, “Көк бөрү” тасмалары ат салышкан.

“Дарак ыры” тасмасынын ийгиликтери уланууда. “Ак илбирс” сыйлыгынан кийин, тагыраагы, 30-апрель күнү аталган тасма Орусиянын Казань шаарында өткөн эл аралык кинофестивалда баш байгени багындырды. Тасманын режиссёру Айбек Дайырбеков аталган тасма эл аралык фестивалдарда ушуну менен 3-ирет Гран-прини жеңгенин, мындан тышкары бир катар байгелүү орундарды багындырганын айтат.

"Дарак ыры" тасмасы буга чейин чет өлкөлөрдөгү сынактарга катышып, сыйлуу орундарды камсыздаган. "Ак илбирс" улуттук киносыйлыгында 8 алтын статуэткага ээ болушу чындыгында күтүүсүз болду.

Ал эми Казандагы эл аралык мусулмандар киносунун фестивалынан биздин тасма эки сыйлык алды. Бири фестивалдын эң мыкты көркөм тасмасы наамында жеңүүчү болсо, экинчиси Орусиянын кинотаануучулар жана киносынчылар Гильдиясынын сыйлыгы болду.

Дагы бир жакшы жаңылык, жакында Москва шаарында биздин тасманын бет ачары ийгиликтүү болуп өттү. Тасманын соңунда 1 жарым миңден ашуун көрөрмандар ордунан туруп 10 мүнөт тынбай кол чабышты. Мындан сырткары орусиялык ырчы, “Уходи, дверь закрой!” аттуу ыры менен таанылган Женя Отрадная биздин “Дарак ыры” тасмасында орус тилинде үн коштоп, тасманын саундтрегин орусча аткарып чыкты”,- дейт ал.

"Ак илбирс" сыйлыгын тапшыруу учуру.
Тасманын режиссёру Айбек Дайырбеков, башкы каарманы Өмүрбек Израилов жана орусиялык ырчы Женя Отрадная.


“Ак илбирс-2019“. Жылдын мыкты тасмалары аныкталды

“Ак илбирс” киносыйлыгын тапшыруу аземи болуп өттү (2-бөлүк)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо