ЖОГОРКУ СОТ ТЕКЕБАЕВ МЕНЕН ЧОТОНОВДУН ЖАЗА МӨӨНӨТТӨРҮН ӨЗГӨРТҮҮСҮЗ КАЛТЫРДЫ

№862 9-15май, 2019-жыл

3-майда Жогорку Сот абактагы саясатчы Өмүрбек Текебаев менен мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновдун иши жаңы кылмыш жана кылмыш-процессуалдык кодекстеринин күчүнө киргенине байланыштуу кайра каралды. Жогорку Сот буга чейинки 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн өзгөртүүсүз калтырып, андан бир гана үй-мүлктү конфискацияга алуу тууралуу бөлүгүн алып салууну чечти.

Жактоочулар буга чейинки инстанциядагы чечимдердин баарын жокко чыгарып, ишти кайра кароо үчүн Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүүнү жана кылмыш ишине тиешеси жок үй-мүлктөр конфискацияга алынбасын деп суранган.

Соттун чечими саясий негиз менен чыкканын Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов айтты. «Сот Конституция, мыйзам, абийир менен эмес, саясий негиз менен чечим чыгарды» деди ал. «Айтылып жаткан соттук реформалар катуу сокку жеди» дейт бул чечим тууралуу депутат Наталья Никитенко. «Ишти жаңы жагдайлар боюнча кайра кароого бардык далилдер көрсөтүлгөн, бирок Текебаев менен Чотоновдун иши саясий тапшырма экенин баары түшүнүп жатышат. Соттордун адилеттүү чечим чыгарарына чоң үмүт болгон. Бирок бул үмүттү үзүүгө түрткү болду»,- деди Никитенко. Чечим адилеттүү болбой калганын депутат Алтынбек
Сулайманов
да айтты. «Бул адилетсиз чечим. Текебаевге карата туура эмес чечим чыкты. Өкүмдүн өзгөртүүсүз калтырылганы сотторго болгон ишенбестикти күчөтөт»,- дейт Сулайманов.

2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура тарабынан «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана мурдагы элчи Дүйшөнкул Чотоновго Леонид Маевскийдин көрсөтмөсүнүн негизинде «коррупция» жана «алдамчылык» беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 8 жыл эркинен ажыратуу чечимин чыгарган. Бул чечим жогорку инстанциялар тарабынан күчүндө калтырылган.

 

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


Жогорку Сотто Өмүрбек Текебаевдин иши башталбай жатып бүттү. Митингчилер тарай башташты

Автор: Кызжибек Раимова
Оператор: Мундуз Нурланбек уулу, Руслан Алыбаев

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо