ЖАЛИЛ АТАМБАЕВ ЖУРНАЛИСТКЕ ЖАЗГАН ДОО АРЫЗЫН КАЙТАРЫП АЛДЫ

№862 9-15май, 2019-жыл

«Азаттыктын» кабарчысы Ыдырыс Исаковду сотко берген ишкер Жалил Атамбаев доо арызын кайтарып алды. Ишкердин жактоочусу Шумкарбек Абжапаровдун айтуусу боюнча, доо арызды 7-майда Ош шаардык сотунан кайтарып алган. «Мусулмандардын ыйык Орозо айында кечиримдүү бололу, соттошпойлу, кечирдим деп Жалил Атамбаев доо арызын кайтарып алды»,- дейт Абжапаров.

Бир канча апта мурун Исаков салыктардан качкан ишкерлер тууралуу иликтөө жарыялаган. Анда көмүскө экономиканын артында жылына бюджетке 40 миллиарддай сом түшпөй жатканы айтылат. Иликтөөдө ишкер Жалил Атамбаевге тиешелүү бизнестер жана салыктан качкан күмөндүү схемалар баяндалган.

Макала жарыялангандан соң Жалил Атамбаев журналисттин үстүнөн Ош шаардык сотуна кайрылып, 50 миллион сом өлчөмүндөгү моралдык доо акы өндүрүп берүүнү суранган. Мындан тышкары Атамбаев иликтөөдө коррупциялык схемалар тууралуу айтып берген Мирлан Маматов менен Марат Сайбидиновду да сотко берип, алардан 5 миллион сом өндүрүүнү суранган. Бул эки адамга жазылган доо арыз да кайтарып алынган.

Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо