-

3-майга карата өлкөдө Улуу Ата Мекендик согуштун
347 ардагери калды. Аларга Жеңиш күнүнө карата 20 миң сомдон берилет. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.
-
Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевдин кылмыш ишин иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2 дарыгер кармалды. Алар СИЗО-1ге 2 айга камалды.
-
Абдыганы Эркебаев Кыргыз элинин ассамблеясынын төрагасы болуп шайланды.
-
Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлердин 40 пайызын аялдар түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет маалымдайт.
-
Орозо айындагы битир-садаканын минималдык өлчөмү 35 сомду түздү. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгы билдирди.
-
Улуттук статистикалык комитеттин билдиргени боюнча, Кыргыз өлкөсүндө уюлдук телефон колдонуучулардын саны 7 миллион 700 миңден ашат.
-
2018-жылы бюджеттен каржыланган уюмдар жана мамлекеттик үлүшү бар акционердик коомдор менен мамлекеттик мекемелер күйүүчү-майлоочу майга 3 миллиард 47,4 миллион сом коротушкан. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.
-
Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы билдиргендей, жылына 25 миңдей жолбун иттер атылат.
-
«Коопсуз шаар» долбоорунун алкагында февралдан май айына чейин айдоочулар 37 миллион сом айып пул төлөдү. Бул тууралуу ЖКККББ билдирет.
-
Кыргыз өлкөсүндөгү абактарда 3 миң адам орозо кармап жатат. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы билдирди.
-
Вице-премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтуусу боюнча, Кыргыз өлкөсүндө кен казууга 2571 лицензия берилген.
- Ысык-Көлдө өтүп жаткан 9-майга арналган көк бөрү боюнча мелдештин финалына Таластын "Ынтымак" командасы менен Оштун "Достук" командасы чыгышты. Финалдык оюн 9-майда өтөт.
Адилет Керимбек уулу
politika@super.kg