№862 9-15май, 2019-жыл
5-майда театр, кино ишмерлери арасында Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти, маркум Марат Козукеевдин жаркын элесине арналган футбол боюнча турнир болуп өттү. Турнирде 10 команда оюн көрсөтүп, мыктылары аныкталды. Иш-чара тууралуу маалымат алуу үчүн “Дем” театрынын актёру, маркум Марат Козукеевдин кесиптеши
Данияр Жанжигитовго кайрылдык:
– “Дем” тобунун балдары театр аралык турнир уюштурабыз деп күзүндө ойлонуп баштаганбыз. Башында марттын аягына, театр күнүнө карата өткөрөлү дегенбиз. Ал күнү фестиваль болгондуктан, 5-майга жылып кетти. Оюнга Марат байке иштеп кеткен жайлардан командалар чогулду. Жалпысынан 10 команда катышып, 1-орунду “Кыргызфильм”, 2-орунду Нарын театры, 3-орунду Бишкек шаардык театры алды. Кудай буюрса, турнирди мындан ары улантып, кийинкилерин масштабдуу өткөргөнгө аракет кылабыз,- дейт ал.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |