ШАЙЛОО МААЛЫНДАГЫ “БЕКЕР КОНЦЕРТТЕРГЕ” ТЫЮУ САЛЫНЫШЫ МҮМКҮН

№863 16-22-май, 2019-жыл

Шайлоо алдындагы үгүт кампаниясы тынч митингдер, чогулуштар, теледебаттар аркылуу жүргүзүлүшү керек. Ушундай эрежени камтыган мыйзам долбоорун депутат Бакыт Төрөбаев демилгелеп чыкты. Эл өкүлү ар бир шайлоодо талапкер же партиялардын жолугушуусу ырчы-чоорчулардын коштоосунда өтүп, эл алардын программасын укканы эмес, концерт көргөнү эле барышат дейт. Депутат стадиондордо жана көчөлөрдө концерттерди, театралдашкан көрсөтүүлөрдү, спорттук иш-чараларды үгүт катары өткөрүүгө тыюу салынышы керек деген пикирде.

Ал сунуштап жаткан демилгеде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын референдуму жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамдарынын шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүү укугун кыянат пайдаланууларга жол берилбестик беренесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталды:

– Үгүт жүргүзүү мезгилинде талапкерлер жана талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялардын өкүлдөрү башка мамлекеттердин мамлекеттик жана саясий ишмерлеринин сүрөттөрүн пайдалануу менен фото жана видео материалдарды пайдаланууга тыюу салынат;

– Талапкерлер, алардын жакын туугандары, жубайлары, талапкерлердин жана саясий партиялардын өкүлдөрү шайлоо дайындалган учурдан тартып жана шайлоонун натыйжалары жарыяланганга чейин кайрымдуулук иштерин жүргүзүүгө укуксуз;

– Шайлоочуларга белектерди жана башка материалдык баалуулуктарды тапшырууга;

– Борбордук шайлоо комиссиясы бекиткен тизмеге ылайык, мамлекеттик символиканы камтыган басылма үгүт материалдарын, төш белгилерди, желектерди, талапкерлердин тизмесин көрсөткөн саясий партиянын символикасын камтыган футболкаларды, талапкердин сүрөтүн акысыз таратууну кошпогондо, кайсы болбосун товарларды акысыз таратууга;

– Акысыз же жеңилдетилген шарттарда кызмат көрсөтүүлөрдү жарандарга жана коомдук бирикмелерге берүүгө тыюу салынат.

Учурда бул документ коомдук талкууда. Эгер ал артка кайтарылбаса, парламенттин 3 окуудагы кароосунан кийин президенттин кол коюусуна жөнөтүлөт.

 

Кубан Жумамидинов
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 

Талкуу жабык.

К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо